БШКны кайрадан Нуржан Шайлдабекова жетектемей болду

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы Нуржан Шайлдабекованы кайрадан комиссиянын төрайымы кылып дайындады. Ал БШКны 2016-жылдан тартып жетектеп келет.

Андан сырткары Боршайкомдун төрайымынын биринчи орун басары болуп «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров, орун басары болуп «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон Судьялар кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссиянын мүчөсү Нурлан Койчукеев шайланды.

Жогорку Кеңештин депутаттары 30-июндагы отурумда Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын бекиткен. Депутаттар тиешелүү токтомду жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кабыл алышты.

Президент Садыр Жапаров 28-июнда кол койгон «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» жаңы конституциялык мыйзамына ылайык, Боршайкомдун алты мүчөсүн президент, дагы алты мүчөсүн парламент сунуштады.

Тема боюнча: Жогорку Кеңеш Боршайкомдун жаңы курамын бекитти — тизме