Үйүр жылкы, бай туугандар. Искендер Матраимов эки жылда 17,4 млн сом киреше тапкан

Жогорку Кеңештин депутаты, коррупцияга аралашканын мойнуна алган экс-бажы чиновнигинин агасы Искендер Матраимов 2019-жылы 15,4 млн сом киреше тапкан. Ал эми анын 2020-жылы тапкан кирешеси дээрлик 2 млн сомго жеткен. Бул маалыматты ал өзүнүн салык декларациясында көрсөткөн.

Искендер Матраимов

Ошондой эле, ал «Тойота Лэнд Крузер 200» унаасы жана үйүр жылкысы бар экенин көрсөткөн. 2019-жылы анын жылкыларынын баасы 6,5 миллион сомго, ал эми кийинки жылы — 7,7 млн сомго бааланган.

Ошол эле учурда, Матраимов 2020-жылдын декларациясына 7,7 миллион сомго бааланган жылкыларын эки жолу көрсөткөн. Бул жерде ката кетиши мүмкүн, же жылкылардын наркы 15,4 млн сомго чыккан.

Мындан сырткары, депутаттын 290 миң сомдук эмереги, 290 миң сомдук техникасы бар.

2019-жылы Матраимовдун жакын туугандары 5,3 миллион сом киреше тапканы белгиленет. Алар төмөнкүлөргө ээ:

  • аянты 176,9 чарчы метр батир;
  • аянты 2 миң чарчы метр болгон үч капиталдуу курулуш;
  • 3,9 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери;
  • 3 626 чарчы метр башка курулмалар;
  • «АвтоСТОлица» компаниясынын акциялары

2020-жылы Матраимовдордун үй-бүлөсүндө 2 533 чарчы метр административдик имарат жана «Тойота Рав 4» үлгүсүндөгү унаа пайда болгон. Ушул эле жылда алар 5,3 млн сом киреше таап, 6,3 млн сом коротушкан.

Искендер Матраимов — бажы кызматынын төрасынын мурдагы орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP’нин кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнүн негизги фигуранты Райымбек Матраимовдун агасы.

Жакында эле болуп өткөн парламенттик шайлоодо Матраимов бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөн. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, ал өз округу боюнча алдыда.

Дагы окуңуз:

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу