Сокулукта зордуктоого шектелген кишинин үй-бүлөсүнө көчүп кетүүгө үч күн убакыт берилди

Чүй облусундагы Сокулук районунун Исмаил айылында жаш кызды зордуктоого шектелген кишинин үй-бүлөсүнө карата 7-декабрда Аксакалдар соту чечим чыгарды. Алар шектүүнүн үй-бүлөсүнө айылдан көчүп кетүү үчүн үч күн убакыт беришти.

Окуя кандай болгон?

Эки күн мурда 16 жаштагы кыздын атасы Сокулук райондук милициясына арыз менен кайрылган. Өз арызында ата таң эрте жашы жете элек кызын белгисиз адам Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убадалап, жолдон күч колдонуп зордуктап койгонун билдирген.

Сокулук РИИБи «Зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачып, натыйжада кылмышка шектелип Исмаил айылынын 31 жаштагы тургуну кармалган. Шектүү ошол күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган күнү милициянын имаратынын алдына жабырлануучунун 50гө жакын тууганы менен айылдаштары чогулган. Алар шектүүнү камап, чара көрүүнү талап кылышкан. Социалдык тармактарда тараган тасмадан чогулгандар бир милицонердин формасын тытып, аны түрткүлөп жатышканын көрүүгө болот.

Кийинчерээк РИИБден кызматкер мас абалында болгонун белгилеп, бул боюнча кызматтык иликтөө башталды деп түшүндүрүшкөн. Андан соң чогулгандардын алдына Сокулук РИИБинин жетекчиси чыгып, иш көзөмөлдө экенин айтып, мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн убадалаган. Андан кийин айыл тургундары тарап кетишкен.

Ал эми жабыркаган кыздын жакындарынын айтымында, кылмышка шектүү жаран сайдын жээгине алып барып зордуктаганга аракет кылган. Кыз каршылык көрсөтүп качканга тырышкан. Бирок шектүү аны чачынан сүйрөп, унаасына салып, таш менен көзүнө чаап, тишин сындыра чапкан. Ошол учурда ал жактагы сарайда жашаган аял баласы менен келип кызды куткарып калган.

Акскалдар сотунда кандай талап коюлду?

7-декбарда Исмаил айылында Аксакалдар соту өттү. Жыйынга жабыркаган кыздын жакын туугандары, райондун акими Курманбек Айтибаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имам, жергиликтүү депутаттар жана айыл тургундары катышты. Анда шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүрүү талабы коюлду.

Кыздын чоң атасы Зарылбек Үмөталиев Аксакалдар соту адилеттүү чечим чыгарбаса мындан да жаман нерсе болуп кетиши мүмкүн экенин эскертип, мыйзам чегинде туура чечим чыгарып берүүнү өтүндү.

«Окуя болгон күнү кызуу кандуулукка алдырып, шектүүнү мууздап салуу оюма келген. Мен эле эмес жалпы элде дагы ошондой ой бар болчу. Аксакалдар болбогондо андай кылышыбыз толук мүмкүн болгон. Ошондуктан биз нааразы болуп калбагандай, баарына сабак болгудай чечим чыгаруу керек», — деди ал.

Тургундардын айтымында, шектүү буга чейин «эки кызды зордуктаган», бирок, «укук коргоо органдарына акча берип, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткен».

«Биз үйүн, автоунаасын сатканга мүмкүнчүлүк беребиз. Болгону айылдан көчүп кетишсин. Биз билгенден эле үчүнчү жолу кайталанып жатат. Жаштар милиция бөлүмүнө барганда алардын милиционерлерди сабайлы деген оюу жок болчу. Шектүү эки жолу кылмыш жасап, бирок милиция бошотуп жиберген. Болгону шектүүнү бошотуп жибербегиле деген талап менен барышкан», — деди айыл тургуну Мирбек Сүйүналиев.

Ал эми кылмышка шектүүнүн кошунасымын деп өзүн тааныштырган Самат Бейшекеев ал буга чейин дагы кыздарга кол салганы жаткан жеринен арачага түшүп токтотуп калганын айтат.

«Башкалар айткандай мындай окуя алгачкы жолу болуп жаткан жок. Бир жолкусун мен арачага түшүп токтотуп калгам. Мындай адамды жөн койбош керек. Баарына сабак болгудай жазалаш керек. Азыр кечирип койсок башка бирөө дагы кайталашы мүмкүн. Менин калыстыгым жана талабым бул адамдын үй-бүлөсү айылдан кетсин. Азыр эл ызы-чуу чыгара электе көчүп кетиши керек», — деп ачууланды Бейшекеев.

Бийлик өкүлдөрү эмне дейт?

Эл менен жолугушууга келген Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев бул ишти бийлик өз көзөмөлүнө алганын айтып, шектүү мыйзам чегинде катуу жазаланарын билдирди.

«Жаштар силер шектүүнүн үй-бүлөсү көчүп кетсин деп жатасыңар. Силер эми бир айылда жашайсыңар, аны Аксакалдар соту менен сүйлөшүп бир чечимге келгиле. Кандай чечим кабыл алсаңар да биз макулбуз, бирок баары мыйзам боюнча болсун. Бир жамандыктын аркасынан экинчи жамандык кошулуп кетпесин. Мындай окуя болбош үчүн башында эле катуу жазалаш керек эле, мына акыры эмне болду», — деди Айтбаев.

Жыйынтыгында Аксакалдар соту шектүүнүн үй-бүлөсүнө көчүп кетүү үчүн үч күн убакыт берди.

Чүй ОИИББнын маалымат катчысы Назира Имангазиева шектүү эки айга камакка алынганын жана тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин толук чечим чыгарын билдирди.

«Окуя боюнча баардык тиешелүү экспертизалар дайындалган. Шектүү буга чейин кылмыш жасаганы боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жаткандыктан маалымат бере албайбыз. Ал эми 5-декабарда болгон окуя тууралуу айта турган болсом. Ал күнү милиция бөлүмүндө бир эле кызматкер болгон. Ал кандайдыр бир себептер менен жумушка мас абалында келген. Учурда ал кызматкердин да үстүнөн дагы иш козголуп, укуктук баа берилет», — деп түшүндүрдү Имангазиева.