Жээнбековдун кудасы Абжалиев 2019-2020-жылы 14,5 млн сом киреше тапкан

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы жана парламент депутаты Алиярбек Абжалиев 2019-2020-жылдары 14 522 643 сом киреше тапкан.

2019-жылга карата декларациясында кирешеси катары 8 216 572 сом көрсөтүлгөн, чыгымдары жазылган эмес. Наамына 600 чарчы метр жер тилкеси жана аянты 103 чарчы метр батир катталган.

Кыймылдуу мүлктөрүнүн тизмесинде 2 484 000 сомго бааланган унаа жана мал-жандык көрсөтүлгөн.

  • 702 000 сомдук ири туяктуу мал;
  • 378 000 сомдук ача туяктуу мал;
  • 1 890 000 сомдук жылкылар.

Туугандарынын мүлкү көрсөтүлгөн эмес.

Абжалиевдин кирешеси 2020-жылы аз болгон — 6 306 062 сом, чыгымдары тууралуу маалымат жок. Декларацияда ошол эле батир жана жер тилкеси көрсөтүлүп, автоунаасы тууралуу маалымат жок болуп кеткен.

Бодо малдары жана ача туяктуу малдарынын саны өзгөрүлгөн эмес. А бирок жылкыларынын баасы 2 200 000 сомго чыккан.

Алиярбек Абжалиев — экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл Шарипова менен баш кошкон. Ал парламенттин төртүнчү чакырылышынын депутаты болгон, ал эми 2015-жылы парламентке «Республика — Ата-Журт» партиясы менен келген.