Декларация 2019-2020. Дастан Бекешев эки жылда 2,7 млн сом киреше тапкан

Дастан Бекешев 2019-жылга карата декларациясында 1 464 786 сом киреше тапканын көрсөткөн. Документтеги маалыматка ылайык, 113 чарчы метрлик батири жана депозитте 192 727 сому бар болгон.

2020-жылы кирешеси 1 279 291 сомго жеткен, декларацияда ошол эле батир көрсөтүлгөн, ал эми депозити көрсөтүлгөн эмес. Бирок тууганынын 255 152 сом кирешеси көрсөтүлгөн.

Бекешев 2019-2020-жылдары жалпы 2 744 077 сом кирешеге ээ болгон.

Дастан Бекешев бешинчи жана алтынчы чакырылыштын депутаты, 2021-жылдагы шайлоодо жеңип, жетинчи чакырылышка киргени турат.

Биринчи жолу парламентке Феликс Куловдун «Ар-Намыс» партиясы менен келген. Андан кийин партиядан чыгып, өзүнүн «Ак-Ниет» саясий бирикмесин түптөгөн, бирок андан да чыгып, КСДПга кирген.