Депутат Жолдошбаев декларацияга «Жалдагы» хан сарайын эмес, чакан батирин көрсөткөн

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев 2019-2020-жылдары болгону 1 378 829 сом киреше тапкан.

Ал 2019-жылы 769 483 сом киреше тапканын айтууда. Декларацияга ылайык, анын болгону 39 чарчы метр батири бар, бирок буга 2018-жылы анын «Жал» кичи районунда чоң үйүн аныкташкан журналисттер макул болбосо керек.

Үй Жолдошбаевдин өзүнө эмес, анын «Беш сары» компаниясына катталган. Имараттын күзөтчүлөрү анда депутат жашай турганын тастыкташкан. Үйү 2018-жылы аныкталган жана депутат аны 2019-жылга карата декларациясына киргизе алмак, бирок андай кылган эмес. Журналистердин материалына ылайык, тышынан көбүнесе чоң хансарайга окшош үйдүн аянты 2,5 гектар, аймагында бассейн дагы бар.

«Беш сары» компаниясын Жолдошбаев декларациясында көрсөткөн. Ага туугандарынын 120 000 сом кирешеси дагы кирген.

2020-жылы Жолдошбаев 2019-жылга салыштырмалуу кыйла аз кирешесин көрсөткөн — 609 346 сом. Декларацияда компания жана чакан батири көрсөтүлгөн — бирок «Жалдагы» чоң үй дагы деле кирген эмес. Туугандарынын кирешеси дагы 100 000 сомго азайып кеткен.

2019-2020-жылдардагы декларациялардын биринде да унаалар көрсөтүлгөн эмес — бирок 2018-жылдын февралында жумушка маршрутка менен же жөө келген кесиптештери үчүн уяларын айткан эле.

Башка жылдардагы декларациясында автоунаалары бар болчу. 2016-жылы ал «Лексус» LS 430, RX300, БМВ X5 жана «Субару Форестер» унааларын декрацияда көрсөткөн.

Камчыбек Жолдошбаев — «Беш Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Бул Ош базарынын аймагындагы эки чоң соода үйү. Ошондой эле, парламентарий кичи насыя берүүчү «Profit Credit Company» фирмасын негиздеген, кайра каттоодон өткөндөн кийин негиздөөчүлөрдүн тизмесине уул-кыздары Алмаз, Гулиза жана Наргиза Жолдошбаевалар кирген.

Наргиза Жолдошбаева

Камчыбек Жолдошбаев «Беш -Сары К» компаниясынын негиздөөчүсү, ал көмүр казуу менен алектенет. Компания кайрадан каттоодон өткөн. Компаниянын директору анын кызы Наргиза Жолдошбаева. Ошондой эле ал «Беш-Сарыны» дагы жетектейт.

Жолдошбаев өзү «Ат-Башы биримдиги» жана «Ат чабыш боюнча спорт түрлөрү федерациясынын» директору да болуп саналат.

Ошондой эле журналисттер Жолдошбаев жана анын эки кызы Бишкекте үч батирге ээлик кылаарын — бул 12-кичи райондогу жана Исанов менен Байтик Баатыр көчөлөрүндөгү батирлер. Гулиза Жолдошбаева катталган үйдө батирлердин баасы кыймылсыз мүлк базарында 70 миң доллардан 280 миң доллардын тегерегинде турарын айтылган.

Жолдошбаев үчүнчү жана алтынчы чакырылыштын депутаты болгон, жетинчи чакырылышка да өтүүгө ниеттенген. Ал бир мандаттуу округдан талапкер болгон.

УКМК талапкер тарабынан добуш сатып алуу болгонун айткандан кийин БШК анын талапкерлигин жарыштан чететткен. Тергөөнүн версиясы боюнча, Жолдошбаевдин кудасы (талапкердин күйө баласынын атасы) округдун домкомдору жана үгүтчүлөрү аркылуу добуш сатып алуу менен алектенген.

Тема боюнча окуңуз:

«Жол тандабастар, батирлер жана бизнес». Уялчаак депутат эмнелерге ээлик кылат?