Депутаттык комиссия Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопко тартууга макулдугун берген жок

Асылбек Жээнбеков / Төрөбай Зулпукаров

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кылмыш жоопкерчиликке тартуу үчүн Башкы прокуратурага макулдугун берген жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» комиссиянын мүчөсү, депутат Эмил Токтошев билдирди.

Комиссия сунуштаган корутунду үч пункттан турат. Биринчисинде Жээнбеков депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугусуз камакка алынганы айтылат. Экинчи пунктта Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргенине байланыштуу Жээнбековду бошотуу керектиги жазылган.

Ал эми үчүнчү пунктта депутат элдин жана мамлекеттин коргоосу алдында турары жана мандатынын колдонуу мөөнөтүндө жана андан кийин дагы айтылган ой-пикири жана добуш берүү жыйынтыктары үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес экени белгиленсин деп айтылат.

Ал эми бүгүн депутаттык комиссиянын корутундусун парламентарийлер карап, акыркы чечим кабыл алышат.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Канат Исаевдин айтымында, Асылбек Жээнбеков УКМКнын тергөө изоляторуна «мыйзамсыз камакка алынган». Исаев депутатты «токтоосуз бошотуу керектигин» кошумчалады.

«Башкы прокуратуранын сунуштамасында айыптоо Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана Исхак Пирматовдун көрсөтмөлөрүнө гана негизделген. Алар бул көрсөтмөлөрдү атайын кызматтын тергөө абагында отурганда жана тергөө менен кызматташуу келишимине барганда беришкен. Бул жагдайлар алардын көрсөтмөлөрүнө олуттуу шектенүү менен кароого негиз берет», — деди Исаев.

Башкы прокуратурадан 7-декабрда эгерде Жогорку Кеңеш Жээнбеков, Зулпукаров менен Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берүүдөн баш тартса, бул чечим депутаттардын «камактан бошотулушуна негиз болот» деп билдиришкен.

«Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш макулдук берген учурда көрсөтүлгөн депутаттар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат. Ал эми макулдук берүүдөн баш тартуусу депутаттардын камактан бошотулушуна негиз болот жана алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин аларга карата иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат», — деп берилет Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр ишинин» алкагында «коррупцияга» шектелип кармалышкан. Алар 2021-жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында отурушат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-ноябрда алардын камактагы мөөнөтүн 2022-жылдын 30-январына чейин узарткан.

Ал эми депутат Жетигенов 26-ноябрда УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат ал парламенттик шайлоодон кийин бийликти басып алууга камынган топтун катарында болгонун билдирген. 29-ноябрда Биринчи май райондук соту Жетигеновду 26-январга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизген.

Аны менен бирге «Кыргызстан жашылдар» партиясынын талапкерлери Нурис Сүйөркулов, Руслан Акматбеков жана Бекназар Купешов, ошондой эле «Эл ынтымагы» кыймылынын мүчөлөрү Нурбек Калекеев, Азамат Мусакеев, Н. М. Большевиков, К. Сатар уулу жана Н. Сатынбеков камакка алынган. Жалпысынан УКМК 15тен ашуун киши кармалганын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүүлөр массалык башаламандык уюштуруу үчүн миңге жакын киши чогулткан. Аларга бир катар экс-депутаттар, чиновниктер жетекчилик кылган.

Шектүүлөрдү тинтүү учурунда «кылмышка даярдыкты тастыктаган» курал-жарактар, баңгизаттар жана документтер табылган.