Ишканалардын үлүштөрү, батир, дээрлик бир млн киреше. Кубанычбек Жумалиевдин декларациясы

Алтынчы чакырылыштын экс-депутаты Кубанычбек Жумалиев 2020-жылга карата декларациясында 912 386 сом киреше тапканын көрсөткөн. Документте саясатчы чыгымдарын ачыктаган эмес.

Документке ылайык, анын 376 чарчы метр батири жана аянты 901 чарчы метрди түзгөн жер тилкесинде кандайдыр бир курулуштары бар.«Эл аралык инновациялык технологиялар университетининин», «Атриум Констракшн» жана «Курманбек Плюс» ишканаларынын 100%дык үлүшүнө ээ. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Атриум Констракшн» курулуш иштерин аткарат, ал эми «Курманбек Плюс» цемент өндүрөт.

Жумалиев «ИТЭКтин» 70%, «Курманбектин» 68%, «Биринчи меткомбинаттын» 50% жана «БКСТКнын» 25% үлүшүнө ээ.

БКСТК — бул Бишкек компьютер системалары жана технологиялар колледжи, ал эми ИТЭК — Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи болушу мүмкүн. Эки окуу жайдын тең директору — Улукбек Бегалиев.

«Курманбек» да «Курманбек Плюс» сыяктуу эле цемент өндүрөт. Компаниянын директору — Хэ Чен Юй.«Биринчи меткомбинат» — бул металлургиялык комбинат, Жумалиев Апас Жумагулов сыяктуу эле анын негиздөөчүсү. Жумагулов — компаниянын директору. Мындан тышкары, юстиция министрлинин маалыматына ылайык, Жумалиев «Чолпон» курулуш кооперативин жетектей.

Кубанычбек Жумалиев жакын туугандарынын дагы 2020-жылга карата кирешелерин көрсөткөн, ал 1 025 956 сомду түзөт. Алардын наамына аянты 966 чарчы метр айыл чарба жери жана аянты 963 чарчы метр өнөр жай участогу катталган. Саясатчынын туугандары уюмдар менен компанияларга дагы ээлик кылышат:

  • «Кыргызская Традиционная музыка»;
  • «Дженерейшн Корпорейшн»;
  • «Стар Отель»;
  • «Велмарт»;
  • «МУИК»;
  • «Мурас Трэвел»;
  • «ТРК Санат»;
  • «МФК»;
  • «Вайт Баттон»;
  • «Юнигейт»;
  • «Элит Композит Компани».

Бул эмне болгон компаниялар?

«Кыргызская традиционная музыка» — бул фонд, директору — Адила Кермалиева.

«Дженерейшн Корпорейшн» мейманкана ишкерлигин жүргүзөт, компаниянын директору болуп Жумалиевдин аялы, фольклор жанрынын артисти Роза Аманова эсептелет. Ошол эле тармакта «Стар отель» да иштейт, аны Гүлсана Кыштобаева башкарат. Кыштобаева «Мурас Трэвэл» компаниясында да жетектейт.

«ТРК Санат» — бул Кенжебек Мурзаобдулаев жетектеген телеканал.

«Вайт Баттон», юстиция министрлигиндеги сүрөттөмөгө ылайык, бул маалымат агенттиги. Аны Жумалиевдин уулу Элнур Жумалиев башкарат.

«Юнигейт» билим берүү тармагында иш алып барат. Бул компанияны да Элнур Жумалиев жетектейт.

«Элит Композит Компани» соода-сатык кылат. Компанияны саясатчынын уулу Дастан Жумалиев башкарат.

Компаниялардан тышкары, саясатчынын туугандарына «Лексус 470», «Тойота Секвоя» жана «Ниссан Алмера» унаалары таандык.

Кубанычбек Жумалиев

Жумалиев 1990-жылдары билим берүү министринин, тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген, ал тургай премьер-министр болууга да үлгүргөн. 2000-жылдары транспорт министри болгон, ал эми 2015-жылдан тартып — парламент депутаты.

УКМКнын кызматкерлери 4-февралда Жумалиев кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Жумалиев өзүнүн медуниверситетине лицензия алуу үчүн «таасиринен пайдаланган».

УКМК депутатка, туугандарына жана аны менен байланышы бар адамдарга таандык 78 кылмылсыз мүлк жана түрдүү компанияларды аныктаган. Ведомство Жумалиев жана анын айланасындагылар «мыйзамсыз байып», кылмыштуу кирешелерди адалдап, өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качкан деп билдирген.

Жумалиевге «Таатан» жана «Гоин» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, телерадиокомпания жана темир комбинаты тиешелүү.

Кийин УКМКнын басма сөз кызматы депутат Жумалиев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн казынага 1 млрд сомдон ашуун акча төгүп бергенин билдирген. Көп өтпөй Жумалиев декларацияда көрсөтүлгөн цемент заводун мамлекеттин эсебине өз каалоосу менен өткөрүп бергенин айткан.

Апрель айында депутаттык мандатын тапшырган. 22-сентябрда «Клооптун» журналисттерине УКМК алып барып жаткан Жумалиевге каршы иш кыскартылганы белгилүү болгон. Бул тууралуу «Клоопко» Башкы прокуратуранын расмий жообунан белгилүү болгон. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, иш 17-августта эле кыскартылган.

Бул маалыматты тастыктоо үчүн журналисттер УКМКга карйлышкан. Ведомстводон ишти эч ким кыскартпаганын жана иликтөө уланып жатканын айтышкан.

Кийин Башкы прокуратуранын өкүлү Чолпон Абдимомунова «Клооптун» кабарчысына Жумалиев боюнча иликтөө ал ооруп жаткандыктан токтотулганын, ал кайра уланарын айткан.