Конверт, грамота. Ош шаарынын мэри теле-радио кызматкерлерин куттуктады

Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаардык мэриясы 8-декабрда телевидение жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Калаа башчысы Алмаз Мамбетов ЖМКлардын өкүлдөрүнө грамота жана акчалай сыйлык тапшырды.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдиргендей, иш-чарага «мэрия менен тыгыз кызматташкан» теле-радио кызматкерлер чакырылды. Мамбетов алардын ишине ийгилик каалап, мэрия ЖМКлар менен иштешүүгө ар дайым даяр экенин билдирди.

Жээнбеков журналисттерге сыйлык катары канча акча берилгенин ачыктаган жок. Ал аталган суроого жоопту алыш үчүн мэриянын бухгалтерине кат менен кайрылуу керектигин айтты.

Ош шаарында мамлекеттик мекемелер ар майрам сайын ЖМК өкүлдөрүн куттуктап, акчалай сыйлык тапшырышат. Ошол эле учурда сыйлыктарга кеткен каражат кайсыл жактан бөлүнгөнү ачык айтылбайт.

Буга чейин, 5-ноябрда, маалымат жана басма сөз күнүнө карата да мэр Алмаз Мамбетов журналисттерди чакырып сыйлаган. Анда да бир нече журналистке акчалай сыйлыктар берилип, грамоталар тапшырылган.

Ал эми Мамбетов өзү Ош мэринин милдетин аткаруучусу болуп турганда маалымат жыйын уюштуруп, андан соң журналисттер үчүн фуршет уюштурган. Дасторконго чучуктан тартып суши-роллыга чейин коюлган.

Фуршетти вице-мэр Марс Исаевге караштуу «ИЗЮМ» рестораны даярдап берген.

Ош мэринин м.а. басма сөз жыйындан кийин журналисттерге дасторкон жайды