Ноокат: 17 жаштагы өспүрүм унаасы менен коюп кеткен киши каза тапты

Ош облусунун Ноокат районунда 63 жаштагы кишини унаасы менен койдуруп изин жашырган 17 жаштагы өспүрүм кармалды.

Облустук ЖКККБдан билдиришкендей, окуя 6-декабрь түнкү саат 22:30 чамасында орун алган. Анда райондун Беш-Буркан айылында өспүрүм жөө жүргүнчүнү койдуруп окуя болгон жерден качып кеткен.

Жабырлануучу оор жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бирок эртеси күнү ал өзүнө келбей каза болгон.

Унаа кырсыгынын бетин ачуу үчүн Ноокат районунун аймагына «Курчоо» иш-чарасы белгиленип, районго кире бериш жана чыга бериш жолдорго посттор коюлган. 7-декабрь күнү 17 жаштагы шектүү «Форд-фокс» үлгүсүндөгү унаасы менен өзүнүн үйүндө кармалган.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө башталды. Шектүү учурда тергөөдө сурак берип жатат.

Ош облусунда 2021-жылдын 10 айында облуста 660 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 102 киши каза таап, 1 157 киши ар түрдүү жаракаттарды алган.

Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.