Эсептөө палатасы: COVID-19га каршы күрөшүүдө миллиондогон сом мыйзамсыз сарпталган

Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы 8-декабрда Кыргызстанда COVID-19га каршы күрөшүү үчүн мамбюджеттен бөлүнгөн жана донорлордон келген каражатка аудит жүргүзгөнүн маалымдады.

Ага ылайык, палатанын маалыматына ылайык, коронавирус менен күрөшкөн мекемелерге өткөн жылы мамбюджеттен 5,5 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражат 13 мамлекеттик органга бөлүнгөн.

«Ошол эле мезгилде, бул каражаттар боюнча кассалык чыгым [документтерге ылайык] жалпы 4,7 млрд сомду түзгөн», —деп белгилешти палатадан.

Мекеме белгилегендей, каражаттын көбү COVID-19га каршы күрөшкөн мамлекеттик кызматкерлерге кенемте төлөөгө жумшалган. Ошондой эле каражаттар обсервациядагы медкызматкерлерди жана коронавирус менен ооругандарды тамак-аш, дары-дармек менен камсыздоого сарпталган.

Эсептөө палатасынын аудити бир катар финансылык бузууларды аныктады. Алардын маалыматына ылайык, уюмдар пандемияга каршы күрөшүү үчүн бөлгөн 2 млн 155 миң сом Саламаттык сактоо министрлигинин атайын эсебине которулган.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигининин депозиттик эсебинен кошумча эмгек акыга делген каражаттан 508 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрү кармалган эмес.

Тема боюнча: «Текшергендей силер кимсиңер?» Кыргызстанга берилген гумжардам тууралуу маалыматты донорлор дагы жашырууда

Аны менен катар, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу эпидемиологиялык фонд 217 млн 369 сомго дары дармек сатып алууда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамды бузганы аныкталды. Эсептөө палатасы аудиттин материалдарын баалоо үчүн прокуратурага жөнөттү.

Бузуулар Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу 152 миң долларга медициналык жабдууларды сатып алууда дагы аныкталды — бажы алымдары төлөнгөн эмес. Дагы бир бузуу ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгында да аныкталды: мында 137 миң сомдук ашыкча товар жана 2020-жылга «тамакка» байланыштуу 4 млн 645 миң сомдук карыз табылган.

Мындан сырткары, Эсептөө палатасы 51 млн 720 сом өлчөмүндөгү каражатты сарптоодо ар кандай бузууларды аныктаган. Алардын катарында:

  • негизсиз айлык акы төлөө — 1 млн 827 миң сом;
  • жумуштун көлөмүн ашыкча баалоо – 81 миң сом;
  • каражаттарды максатсыз пайдалануу – 45 млн 167 миң сом;
  • учёттогу жашырылган дебиторлук жана ашыкча бааланган кредитордук карыз – 4 645 сом;
  • резервдер жана бюджеттеги жоготуулар — 898 миң сом;
  • каражаттарды ыксыз сарптоо – 227 521 миң сом.