Түрк ишкерин аэропорттон уурдап, 3 млн $ талап кылуу иши боюнча төрт киши кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Кыргызстанга учуп келген түрк ишкерин Бишкектин «Манас» эл аралык аэропортунан уурдап, 3 миллион доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалды. УКМК тараткан маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн арасында ИИМдин кызматкерлери, кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк жарандар бар.

Атайын кызмат ишкерди уурдоону анын досу жана бизнес-өнөктөшү «А.Б.» уюштурганын аныкталганын билдирди. Ал кылмышты ишке ашыруу үчүн кишилерди таап, даярдыктарды көргөнү айтылат.

Жабырлануучу Кыргызстанга 1-декабрда учуп келген. Бирок «документтерди текшерүү керек» деген шылтоо менен кармалып «Манас» аэропортунун милиция бөлүмүнө жеткирилген.

«Андан соң тапанча такап коркутуп, бардык баалуу буюмдарын (акча, саат, телефон, ноутбук ж.б.) алып, башына баштык кийгизип жеке менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан. Кийин уурдагандар “А.Б.” аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аны бошотуу үчүн 400 миң доллар алууга макул болуп ишкерди коё беришкен», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле ишкерди уурдаган топ «кылмыштын уюштуруучусу» делген «А.Бны» барымтага алгандай түр көрсөтүшкөн.

Учурда шектүүлөр «Х.А.Д.», «А.Б.», «Ж.Б.» жана Чүй облустук милициянын «Манас» аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы «П.Т.» УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев кармалгандардын арасында Сезимай Жунусова болгонун билдирди — ал «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын мурдагы басма сөз катчысы. Вице-мэрдин айтымында, Жунусова кармалган учурда ага чалып, түркиялык ишкерди «уурдоого тиешеси жок экенин айтууга үлгүргөн».

«“Нияз” деген тааныш баласы буга [Сезимай Жунусовага] кайрылат: “Бирөөдөн аласам бар, бербей качып жүрөт. Милиция таанышын болсо тааныштырып койчу” деп. Бул [Жунусова] жаман ою жок аны бир таанышы менен тааныштырат. Ошол тааныштырган иши үчүн бүгүн кармалып олтурат. Ал тааныштырган баласынын адам уурдоо боюнча планынан Жунусованын кабары болгон эмес экен», — деп жазды Жунусбаев.

Оштун вице-мэри Жунусованын жактоочусуна таянып, шектүүлөр ага каршы көрсөтмө бербегенин белгиледи. Ошондой эле Жунусбаев учурда адвокат жабырлануучудан тосмо арыз алуу үчүн аны менен байланышууга аракет жасап жатканын кошумчалады.