УКМК: Лейлек районунун тургунунун унаасында 7 кг гашиш табылды

Баткендин Лейлек районундагы Арка айылынын тургунун унаасынан 7 кг гашиш табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 11-декабрда кабарлады.

Атайын кызмат 9-декабрда ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, «К.К.» аттуу Арка айылынын тургунун «Опель» үлгүсүндөгү унаасынын катылган жеринен баңгизат тапкан.

«Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган баңгизаты гашиш (кара куурай) экени аныкталды. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда», — деп билдиришти УКМКдан.

Күч органдары «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында УКМК Кадамжай районунда жергиликтүү кеңештин депутатын баңгизат жүгүртүүгө шектеп кармаган. Анда депутат баңгизаттардын партиясын Өзбекстанга өткөрүү максатында сатып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.

Ал эми шектүүнүн үйү тинтүүгө алынганда 9 килограммдан ашык чийки апийим, 4 килограмм гашиш, 37,5 килограмм марихуана, 1 уруксаты жок курал, 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 миң сом акча каражаттары табылган.