Ош: 14 жашар кызын зордуктоого шектелген тургун эки айга камакка алынды

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаардык сотунун чечими менен 14 жаштагы кызын эки жыл бою зордуктап жүрүүгө шектелген 39 жаштагы тургун эки айга тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

11-декабрда Ош ШИИБи «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 39 жаштагы тургунду кармаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2019-жылдан бери 14 жаштагы кызын зордуктап келген.

Алгач Ош ШИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери окуучу кыздын «акыркы күндөрү өтө эле психологиялык жактан жабыркап жүргөндүгүн байкаган». Кийинчерээк өспүрүм милиция кызматкерине атасы тарабынан зордукталганын айтып берген.

Көп өтпөй жабырлануучу кыз, атасы жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү Ош ШИИБнин тергөө кызматына жеткирилген.

Сурак маалында өспүрүм кыз алгачкы жолу 2019-жылдын июнь айында атасы тарабынан зордукталганын айтып берген — анда апасы Орусияда эмгек миграциясында жүргөн. Бирок жабырлануучу апасы өлкөгө кайтып келгенден кийин да кылмыш улана бергенин айткан.

Жабырлануучунун айтымында, акыркы жолу атасы аны 2021-жылдын 28-ноябрында зордуктаган. Окуяга бир тууганы күбө болуп калган. Бирок кыздар атасынан корккондугунан жана «үй-бүлөнүн ажырашып кетүүсүнөн коркушкандыкан» милицияга кайрылышкан эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарынын тургуну 14 жашар кызын эки жыл бою «зордуктап жүргөн» деген шек менен кармалды