Ош шаарынын тургуну 14 жашар кызын эки жыл бою «зордуктап жүргөн» деген шек менен кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарынын 39 жаштагы тургуну өзүнүн 14 жаштагы кызын эки жыл бою «зордуктап жүргөн» деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 11-декабрда билдирди.

Алгач Ош ШИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери 14 жаштагы окуучу кыздын «акыркы күндөрү өтө эле психологиялык жактан жабыркап жүргөндүгүн байкаган». Мындан улам инспектор өспүрүм менен мектепте сүйлөшүүгө аракеттенген, бирок андан майнып чыккан эмес.

«Бирок, милиция кызматкеринин бир нече аракетинин натыйжасында кыз атасы тарабынан бир нече жолу зордукталганын жана оор абалда жүргөндүгүн титиреп, ыйлап жатып айтып берген», — деп билдиришти шаардык милициядан.

Мындан улам милиция кызматкери Ош ШИИБдин жетекчилигине рапорт менен кайрылып, жабырлануучу кыз, атасы жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү тергөөгө жеткирилген.

Сурак маалында өспүрүм кыз алгачкы жолу 2019-жылдын июнь айында атасы тарабынан зордукталганын айтып берген — анда апасы Орусияда эмгек миграциясында жүргөн. Бирок жабырлануучу апасы өлкөгө кайтып келгенден кийин да кылмыш улана бергенин айткан.

Жабырлануучунун айтымында, акыркы жолу атасы аны 2021-жылдын 28-ноябрында зордуктаган. Окуяга бир тууганы күбө болуп калган. Бирок кыздар атасынан корккондугунан жана «үй-бүлөнүн ажырашып кетүүсүнөн коркушкандыкан» милицияга кайрылышкан эмес.

Ош ШИИБи «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 39 жаштагы шектүүнү убактылуу кармоочу жайына киргизди.

Мындан дээрлик бир апта мурун Чүй облусунун Сокулук районунда 31 жаштагы тургун 16 жашар айылдаш кызды зордуктоого шектелип кармалган. Кыздын атасынын айтымында, шектүү өспүрүмдү Бишкекке унаасы менен жеткизип коюуну убадалап, бирок жолдон «күч колдонуп зордуктаган». Жабырлануучу качууга аракеттенгенде шектүү аны сабап, колу менен тишин сындырган.

Кылмышка шектүү кармалган күнү райондук милициянын имаратынын алдына жабырлануучунун 50гө жакын тууганы менен айылдаштары чогулган. Алар шектүүнү камап, чара көрүүнү талап кылышкан.

Кийин жабыркаган кыздын жакын туугандары, райондун акими Курманбек Айтибаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имам, жергиликтүү депутаттар, айыл тургундары жана Аксакалдар соту чогулуп жыйын өткөрүшкөн.

Айыл тургундары шектүү буга чейин «эки кызды зордуктаганын», бирок, «укук коргоо органдарына акча берип, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткенин» айтып анын үй-бүлөсүн айылдан көчүрүүнү талап кылышкан.

Аксакалдар соту үй-бүлө үч күндүн ичинде көчүп кетсин деген өкүм чыгарган. Райондук прокуратура чечим мыйзамсыз экенин айтканы менен кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетүүгө аргасыз болгон.