«Баары жайында». Акылбек Жапаров «Кумтөрдөн» келген салыктардын азайганы тууралуу

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын республикалык бюжетке төккөн салыгынын азайышы боюнча түшүндүрмө берди. Буга чейин финансы министрлиги жылдын бышынан бери компаниядан бюджетке дээрлик 6,9 млрд сом түшкөнүн айткан, а бирок 2020-жылга карата «Кумтөрдөн» 9,6 млрд сом түшкөн болчу.

Жапаров «“Кумтөр” боюнча баары жайында жана төгүлгөн каражат тийиштүү көлөмдө эле болуп жатат» деп белгиледи. Ал жыл соңуна чейин «Кумтөр» алтын казуу боюнча планды толук аткарат деп ишенет.

«Бирөө чөйчөктөгү суу жарым-жартылай экенин көрөт, бирөө жарымына чейин толтура экенин көрөт. Маалымат ушундай нерсе, ар бири өзүнүн мүмкүнүчүлүгүнө жана акылына жараша баа берет. Тигил же бул версия боюнча кайра-кайра түшүндүрмө берүү оор. Менин оюмча финансы министри бул боюнча кайрадан түшүндүрмө берет […] Эсиңердеби, ал жерди суу каптаган дешкен эле. Азыр ал жерде суу жок. Алар азыр 1,5 тонна жакшы сапаттагы алтындын көрсөткүчүнө жетишти. 12 айдын жыйынтыгында алар планды толтурат деп үмүттөнөм», —деди ал.

Минкабдын төрагасы Канаданын Centerra Gold Inc компаниясынын менеджменти менен сүйлөшүүлөрдү жыл аягына чейин аяктоону пландап жатканын да кошумчалады.

«Эч болбоду дегенде ушундай буйрук алдым. Кыргыз жарандары мындай ири долбоорлорду өзү ишке ашыра ала турганын далилдейбиз», — деп белгиледи ал.

Кумтөр 7 айдан бери кыргыз бийлигинин көзөмөлүндө —17-майда депутаттар «Кумтөр Голд Компаниге» сырткы башкаруу киргизип, ал жакта Centerra’нын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компания бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат, кыргыз өкмөтү буга чейинки милдеттенмелерин бузузуп, «кенди зордук менен басып алды» деп эсептейт. Ошондой эле алар, Бөлтүрүктү сотко беришкен.

Бирок, кыргыз бийлигинин көзөмөлү киргизилгенден бири Кумтөр кенинде өндүрүлгөн жана сатылган алтындын көлөмү тууралуу маалымат жарыйланбай калды, анткен менен мурда Centerra’нын убагында бул маалымат жарыяланып турчу. Бул маалыматты «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусунан парламент депутаттары да ала албай келет.

Теңгиз Бөлтүрүктүн өзүнүн айтымында, кызматка киришкенден бери өндүрүш көрсөткүчтөрү тууралуу маалыматты бере албайт. Себеби Centerra маалыматтарды туура эмес чечмелеши мүмкүн. Учурда кыргыз бийлиги канадалык компания менен бир нече иш боюнча соттошуп жатат.

Бирок сентябрдын аягында учурдагы минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров сырткы башкаруудагы төрт ай ичинде кенден $61-62 млн сомго бааланган 4,1 тонна алтын казылганын маалымдаган болчу. Ал алтын өлкө аймагында экенин кошумчалаган.

27-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кендин үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айларындагы кирешеси 90 млн долларды түзгөнүн билдирген.

Тема боюнча:

Өткөн жылга салыштырмалуу аз. Бюджетке «Кумтөрдөн» дээрлик 7 млрд сом түштү