Өткөн жылга салыштырмалуу аз. Бюджетке «Кумтөрдөн» дээрлик 7 млрд сом түштү

2021-жылдын 11 айында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы республикалык бюджетке 6,9 млдр сом төктү. Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, быйылкы жылга түшкөн каражаттын суммасы былтыркыга салыштырмалуу 2,6 млрд сомго аз — 2020-жылы бюджетке «Кумтөрдөн» 9,6 млрд сом түшкөн, ал эми жылдык план 9,1 млрд сом деп бекитилген болчу.

Кумтөр карьери. Сүрөт: президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Финансы министрлиги «Күмтөрдөн» бюджетке келип түшкөн каражаттар тууралуу депутат Осмон Турдумамбетов парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда финансы министри Алмаз Бакетаевге аталган маалымат боюнча суроо узаткандан кийин айтып беришти.

«Элди эң кызыктырган Кумтөр боюнча жооп берип коюңуз. Мына өзүбүз иштетип жатабыз деп жатабыз. Канча алтын өндүрдүк, канча салык түштү, алтынды канчадан кайда саттык? Сатпасак каякка сактап жатабыз?» — деп сурады эл өкүлү.

Бакетаев салыктар түшүп жатат, ал эми казылып алынган жана сатылган алтындар тууралуу «маалыматым жок» деп жооп берди.

«Чынын айтканда алтын боюнча менин маалыматым жок экен. Бул Кыргызалтындын маселеси», — деп кошумчалада каржы министри депуттын суроосуна кат жүзүндө жооп берүүгө убада берип.

Ведомствонун «Кумтөрдөн» бюджетке келип түшкөн каражаттар тууралуу билдирүүсүндө «Кыргызалтын» ай сайын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчёт берүүсү керектиги айтылган.

Кыргызстандын башкаруусундагы 7 ай

Кумтөрдүн айланасындагы чуу жана кенди өзүнүн «туунду» «Кумтөр Голд Компани» компаниясы аркылуу иштетип жаткан канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы сот териштирүүлөрү уланып жатканына жарым жылдан ашты.

17-майда депутаттар «Кумтөр Голд Компаниге» сырткы башкаруу киргизип, ал жакта Centerra’нын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компания бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат, кыргыз өкмөтү буга чейинки милдеттенмелерин бузузуп, «кенди зордук менен басып алды» деп эсептейт. Ошондой эле алар, Бөлтүрүктү сотко беришкен.

Теңгиз Бөлтүрүк жана Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин администрациясы

Алгач тышкы башкаруу үч айга киргизилгени айтылган, бирок кийин ал автоматтык түрдө узартылаары белгилүү болгон.

Бирок, кыргыз бийлигинин көзөмөлү киргизилгенден бири Кумтөр кенинде өндүрүлгөн жана сатылган алтындын көлөмү тууралуу маалымат жарыйланбай калды, анткен менен мурда Centerra’нын убагында бул маалымат жарыяланып турчу. Бул маалыматты «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусунан парламент депутаттары да ала албай келет.

Теңгиз Бөлтүрүктүн өзүнүн айтымында, кызматка киришкенден бери өндүрүш көрсөткүчтөрү тууралуу маалыматты бере албайт. Себеби Centerra маалыматтарды туура эмес чечмелеши мүмкүн. Учурда кыргыз бийлиги канадалык компания менен бир нече иш боюнча соттошуп жатат.

«Кечээ мен, Координациялык кеңеште үч айдын жыйынтыгы тууралуу отчёт бердим. Бирок ал жабык жыйын болгондуктан андагы маалыматтарды айта албайм. Сандар жана башка нерселер “Центерра” тараптан туура эмес интерпретацияланбашы үчүн кенен комментарий бере албайм. Бардык мамлекеттик аткаминерлерге да бул жөнүндө маалымат берүүгө чектөө коюлган. Отчёттор “Центерра” менен бир жактуу чечимге келгиче конфиденциалдуу болуп эсептелет», — деген ал 17-августта.

Бирок сентябрдын аягында учурдагы минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров сырткы башкаруудагы төрт ай ичинде кенден $61-62 млн сомго бааланган 4,1 тонна алтын казылганын маалымдаган болчу. Ал алтын өлкө аймагында экенин кошумчалаган.

27-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кендин үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айларындагы кирешеси 90 млн долларды түзгөнүн билдирген.

«Бүгүнкү күнү бир да грамм алтын өлкөдөн чыгарылган жок. Ушундан улам Кыргызстан байыды, акча пайда болду. Келерки жылы мындан дагы көп кылабыз», — деген ал бул каражаттар менен социалдык жөлөк пулдар көбөйтүлүп, аскер кызматкерлеринин жана ички түзүмдүн жоокерлеринин маянасы жогорулатылып жатканын кошумчалап.

Кумтөрдүн айланасындагы окуялар

Кыргыз бийлиги канадалык компанияга коюп жаткан эң башкы доо — кологиялык зыян. Алсак, үстүбүздөгү жылдын май айынын башында Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Сот компанияны Кумтөр кенин иштетүүдө Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды төгүүгө күнөөлүү деп тапкан.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрынын аягында минкабдын башчысы Акылбек Жапаров жана УКМКнын башчысы Камсыбек Ташиев баштаган кыргыз делегациясы Женевада Centerra’нын аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушкан. Бул, кыргыз бийлигинин айтымында, Перринин демилгеси менен болгон сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду болгон.

Кыргызстан менен Centerra’нын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунун катышуучулары: Скотт Перри, Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров, Курманкул Зулушев жана Теңгиз Бөлтүрүк.

«Кумтөрдү бүгүнкү күнгө чейин өзүбүз иштетип келдик. Мындан ары дагы өзүбүз иштетебиз. “Центерра” менен сүйлөшүүлөр болду. Алар дагы, биз дагы сүйлөшүү жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбайбыз деп кол коюп бергенбиз. Сүйлөшүүлөр уланышы мүмкүн», —деп айтып берген Жапаров 12-октябрда.

Ноябрдын аягында минкабдын төрагасы Кыргызстан менен Centerra 2021-жылдын соңуна чейин «Кумтөр кени» боюнча сүйлөшүүлөрдүн дагы бир раундун өткөрөт деп билдирген.

«Шайлоо бүткөндөн кийин, балким акыркы жолу Centerra менен жолугуп, өзүбүздүн эсеп-чотторубузду белгилеп бүтөбүз. Биз эч качан өзүбүздүн кенибизден баш тартпайбыз. Биз биринчи жолу [тарыхта биринчи жолу] экономикалык суверендикке карай кадам шилтедик. Кошуна-колоңдон, Европадан же бөлөктөрдөн уруксат албай туруп, мындан ары кыргыз кендеринин кыргыздын кызыкчылыгына кызмат кылуу шарттарын турмуша ашырдык. Мындан ары дагы ашыра беребиз. Быйыл алтындын баарын татынакай казып атышат, биздин эле кыргыздын жигиттери, чет мамлекеттен дагы керек болсо бөлөк жарандар да келип атат. Салыгынын баары убагында төлөнүп атат. Теңгиз Бөлтүрккө ыраазы болдум, технологиялык жактан канадалыктарга караганда бир топ тың иштеп аткан экен», — деп билдирген Жапаров.

Анткен менен кыргыз бийлиги акыркы айларда Кумтөр Кыргызстанга өткөнүн жана Centerra Gold кенден баш тартканын бир канча жолу айткан. Ал эми Centerra Gold Inc. бул маалыматты четке каккан.