Бишкек мэриясы: Унаа туруктарына болгон көзөмөл инвесторлорго өткөрүлөт

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов 15-декабрдагы брифингде кийинки жылдан тартып «Бишкек токтомолору жана унаа туруктары» муниципалдык мекемеси ишин токтоторун маалымдады.

«Ал башка түзүмдөр менен бириктирилет, инвесторлор менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) системасын киргизип жатабыз. Жакынкы күндөрү кызыккан инвесторлордун долбоорго катышуусу үчүн техникалык тапшырмаларды жарыялайбыз», — деп түшүндүрдү Сазыков.

Вице-мэрдин айтымында, унаа туруктары системасы башка компанияларга МЖӨ долбоорунун негизинде башкарууга өткөрүп берилет. Унаа туруктарына атайын жабдыктар — «паркоматтар» коюлат, алар унаанын номерин каттап, токтоп турган убактысына жараша төлөм акысын көрсөтөт.

«Эгер айдоочу акы төлөбөй качып кетем деп ойлосо, жаңылкан болот. Азыр унаа токтотуучу жайларга төлөбөгөндөргө айып пул салуу системасын киргизүү маселеси иштелип жатат, бул негизги шарттардын бири. Эки жылдын ичинде шаар боюнча заманбап унаа туруктарына ээ болобуз», — деп кошумчалады ал.

Сазыкулов жумуш акырындык менен ишке ашырылып, акырында шаардын жолдорундагы унаалардын жүрүүсү жөнгө салынат.

Калаанын унаа токтотуу жайлары

2021-жылдын мартында 24.kg басылмасынын журналисттери Бишкектеги жол инфраструктурасынын оңдолушу боюнча жүргүзгөн талдоосунун негизинде материал жарыялашкан. Материалда калаа бийлиги тротуарларды эмес, жолдорду оңдоого артыкчылык берери белгиленген.

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы жети жылда Бишкекте автоунаалардын саны 40%га өскөн. 2020-жылдын башына карата борбор калаада 400 миңден ашуун автоунаа катталган. Алардын ар бирине орто эсеп менен унаа токтотуучу жайдан 9 чарчы метр жер керек, ошондо жалпы 376 гектарды ээлейт.

Журналисттер Бишкекте автоунаалар ээлеген жердин реалдуу аянты кыйла көп экенин белгилешет, себеби автоунаа үчүн жок дегенде эки унаа токтотуучу жай колдонулат — үйдүн жана жумуштун жанында.

Натыйжада айдоочуулар унаа токтотуу үчүн дайыма жөө жүргүнчүлөр баскан тротуарларды колдонушат.

Бирок журналисттер тротуарлар паркинг катары колдонулгандыктан жөө жүргүнчүлөр чоң коркунучка тушугуп жатканын белгилешкен — адамдарды тротуарлардан жана үйдүн короолорунан сүзүп кетишет.

Башкы беттеги сүрөт: Peshcom жарандык демилгеси

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек мэриясы «унаа токтотуу жайларынын заманбап системасын» түзүүнү убадалады