Депутат Бакыт Жетигеновдун тарапташтары Ак үйдүн алдына митингге чыкты

Бийликти басып алууга шектелип, УКМКнын тергөө абагында кармалган депутат Бакыт Жетигеновдун тарапташтары 15-ноябрда Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.

Акцияга чыккандар «Эл өкүлү Жетигеновго боштондук!», «Мыйзам баарына бирдей», «Кудайдан корк, мыйзамды сыйла!», «Элди ойлогула! Чындык жеңет, Жетигенов ак!», «Элди экиге бөлбөгүлө», «Депутаттар коркпой, колдогула!» деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Алар депутаттык комиссиядан Бакыт Жетигеновдун маселесин кароону талап кылышты. Комиссия 15-декабарда депутатты жоопкерчиликке тартууга макулдугун берүү же андан баш тартуу боюнча маселени карамак. Бирок Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламенттин жыйыны 22-декабрга жылдырылганын кабарлады.

Мындан бир күн мурун бийликти басып алууга айыпталгандардын жакындары «кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу» кылмыш ишин токтотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Ал эми 12-декабрда Чүй облусунун Сайлык айылынын тургундары, Жетигеновдун айылдаштары депутатты колдоо акциясына чыгышкан. Алар эл өкүлүнүн маселесин парламентте кароону, аны абактан бошотууну талап кылышкан.

«Бийликти күч менен басып алууга даярдануу» иши

УКМК менен ИИМдин кызматкерлери тарабынан 26-ноябрда бийликти күч менен басып алууну каалаган топтун 15тен ашык мүчөсүн кармалган. Кармалгандардын арасынды «Эл Ынтымагы» кыймылынын жана «Кыргызстан жашылдар» партиясынын мүчөлөрү, ошондой эле Жогорку Кенештин депутаты Бакыт Жетигенов бар болгон.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, шектүүлөр парламенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландашкан.

УКМК шектүүлөрдүн жашаган жерин жана ижарага алган имаратын тинтүү учурунда «кылмышка даярдык жүргөнүнө далил болуучу» документтер, ок-дары, курал-жарак жана баңгизат табылганын билдирген.

Шектүүлөрдүн үстүнөн «Бийликти күч менен басып алууга даярдануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.