ФККнын таасири, баңгизат сактоого айыптоо — Эндрю Качинс БААУну башкарган жылдары тууралуу

Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) мурдагы президенти Эндрю Качинс декабрдын башында Стенфорд университетинде «Кыргызстандагы коркуу жана жек көрүү: америкалыктын окуясы» деген темада лекция окуду.

Анда ал Кыргызстандагы ишмердүүлүгү, анын ичинде өлкөдөн депортацияланганын жана БААУнун президенттигинен кеткени тууралуу айтып берген.

Кыргызстандагы коррупция жана БААУга болгон кысым тууралуу

Качинстин пикиринде, Кыргызстан коңшуларынан «ачыктыгы жана плюрализми» менен айырмаланат. Бирок ал өлкө «терең коррупцияга батканын» жана бардык жерде коррупция бар экенин белгилеген.

Качинс БААУну Кыргызстандагы мыкты, Борбор Азиядагы уникалдуу университет деп атады. Бирок, анын айтымында, окуу жайдын президенти болуп турган аралыкта университеттин президентинин жана камкорчулар кеңешинин ролу түшүнүксүз болгон.

«Мындай университеттин ушунча жылдан бери таптакыр карама-каршы чөйрөдө иштеп жатканы таң калтырат», — деп келтирет Качинстин айткандарын kaktus.media.

Анын пикиринде Кыргызстанда Орусиянын таасири чоң, айрыкча бул эки өлкөнүн атайын кызматтарына тиешелүү. Ал Кыргызстандын УКМКсын Орусиянын ФККсына абдан көз каранды деп эсептейт.

Алсак, Качинстин айтымында, БААУга карата чабуул Орусия менен АКШнын мамилеси начарлаган сайын күчөгөн жана бул көрүнүштөрдүн ортосунда түздөн-түз байланыш болгон.

«БААУ мындай караганда аялуу болуп, түрдүү басымдарга кабылган. Алгач бизди 8-марттагы аялдардын укуктары боюнча маршты уюштурууга күнөөлөп, ЛГБТнын тарапташтары катары көрсөтүшкөн», —деп белгиленген ал.

Бишкектеги БААУнун имараты. Сүрөт: «Кабар»

Бийликтин алмашышы тууралуу

Качинстин пикиринде, COVID-19 пандемиясы жана 2020-жылдагы каргашалуу июль президент Сооронбай Жээнбековдун тушундагы өлкө жетекчилигинин иш билги эместигин көрсөткөн. Ал саясий туруксуздук өткөн жылдын жайында байкала баштаган деп эсептейт.

«Пандемия башталып мен беш айга жакын [2020 -жылы] Кыргызстанга келе албай АКШда кармалып калдым. Кийин 19-августта кайтып келдим. Эки-үч күндөн кийин АКШнын ошол кездеги Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу "Кош келдиңиз. Сизди булар күтүп жаткандай көрүнөт" деп бир видеону жөнөттү. Ал видеодо "АКШнын планын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик департамент эс алуудагы АУЦАнын президенти Эндрю Качинсти эртерээк чакыртып алган. Ал оппозициялык үч партияга колдоо көрсөтмөк" деген маанидеги нерселер баяндалат экен. Ал видеодо мен Кыргызстанга кайтып келген күндү гана туура айтышыптыр, калганынын баары жалган эле. Бул аракеттердин артында ФСБ турганы мага шыр эле белгилүү болду», — деп келтирет Качинстин айткандарын «Азаттык» басылмасы.

Качинс былтыркы октябрь окуясынын жыйынтыгында бийлик алмашканын революция деп атоого болбойт деп дагы билдирди.

«Бирок, бул революция эмес, бул төңкөрүш. Революция – бул системалык өзгөрүү. Ал эми бул жерде болгон эмес. Башкалардын акчасын уурдап жаткандарды кууп чыгышкан», — деди ал.

Өзүнүн депортациясы тууралуу

Эндрю Качинс 2021-жылдын апрель айынын аягында ИИМге суракка чакырылган. Анда ведомствонун басма сөз кызматы ал баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоого шектелип жатканын айткан.

ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылдын 11-мартында бажы кызматы Дубайдан БААУга, Эндрю Качинстин наамына жөнөтүлгөн «аманатты» кармаган.

«Коштоочу документтерде посылканын ичинде кагаздар, тагыраак айтканда, документтер бар экени көрсөтүлгөн. Бирок иш жүзүндө желим баштыктарга оролуп салынган сары жана ак түстөгү таблеткалар, көк жана кызыл-агыш түстөгү капсулалар болгон», — деп билдирген ИИМ.

Андан соң, «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Эндрю Качинстин айтымында, жөнөтмө дары-дармектер менен чогуу болгон. Ал ошол дарыларды дарыгердин көрсөтмөсү менен алты жылдан бери пайдаланганын жана мындай дарылар АКШда кеңири колдонуларын айткан.

«Кыргызстанга барардын алдында элчиликтеги маалыматты окугам, анда дарыгер жазып берген дарыларды өзүм менен кошо алып барып, ичүүгө укуктуу деп жазылган», — деп белгиледи ал.

Качинстин айтымында, камкорчулук кеңеши ал түрмөгө түшүп кабашы үчүн аракет кылган, бирок андан көп өтпөй эле, алар аны БААУ президенттигинен кетүүгө түртүп башташкан.

«Мен андай кылгым келген жок, анткени мындай учурда бул күнөөмдү моюнга алуу сыяктуу болуп калат. Адвокат оптимист болгон эмес. Анан дагы максаты менин күнөөм жок экенин далилдөө эмес, күнөөмдү жеңилдетип, айып пул төлөп, түрмөгө отургузбай депортация кылуу болчу. Акыры кызматтан кетүүгө макул болдум», — деп айтып берди ал.

Июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-июлда Качинсти «Баңгизаттарды жана психотроптук каражаттарды аз өлчөмдө, сатуу максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча күнөлүү деп тапкан. Ага 60 миң сом аып салынып, өлкөдөн чыгарылган.

Качинстин айтымында, Кыргызстанга кайтып келери күмөн, бирок аны БААУнун тагдыры тынчсыздандырат. Ошол себептен өзүн университеттин камкорчулар кеңешинин курамына киргизүүнү суранганын билдирген.