«Клооптун» журналисттери биргелешип даярдаган материалдар БУУнун сынагында байгелүү орунга ээ болду

БУУнун калк жайгаштыруу фонду уюштурган сынактын жеңүүчүлөрү. Сүрөт: UNFPA

БУУнун Калк жайгаштыруу фонду Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен уюштурган гендердик зомбулук темасын чагылдыруу боюнча сынакта «Клооп» жана «Медиазона. Борбор Азия» басылмасынын чогуу даярдаган аялдарга карата зомбулук тууралуу дата материалы биринчи орунду алды.

Аталган материалда журналисттер акыркы алты жылда чыккан сот өкүмдөрүн изилдеп чыгып, кыргызстандык аялдарды көпчүлүк учурда тааныштары зордуктайт же зордуктоого аракет кылат деген жыйынтыкка келген. Зордуктоо тууралуу беш факты болсо, бирөөндө гана кылмышкер жабырлануучу менен тааныш эмес болгон.

Тема боюнча: Кыргызстанда аялдарды көбүнчө кимдер зордуктайт? График менен көрсөтүп беребиз

Ошондой эле «Клооп» жана «Азаттыктын» журналисттери биргелешип даярдаган ала качуу тууралуу дата материал экинчи орунга татыды.

Материалдын авторлору ачык булактардагы расмий маалыматтарды анализдеп, «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси дээрлик иштебейт деген жыйынтыкка келишкен.

2019-жылы катталган 233 иштин 6%, 2020-жылы катталган 210 иштин 5% гана сотко жеткен. Ал эми 2016-жылдан 2020-жылга чейин сотко жеткен 43 ишти изилдеп чыгып, алардын ичинен тогуз айыпталуучу гана абак жазасына тартылган.

Акыркы жылдары ала качуунун айынан эки жаш кыздын өмүрү кыйылган. Алардын бири Бурулай Турдали кызы, экинчиси Айзада Канатбекова. Кыздар ала качкан кишилер тарабынан өлтүрүлгөн.

Тема боюнча: Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи

Эки материал тең Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан жазылган.