Өлкөгө 1,5 млн доза Sinopharm вакцинасы келди, бийлик элди эмдөөгө чакырды

14-декабрда Кыргызстанга COVID-19га каршы 1,5 млн доза Sinopharm вакцинасы келди. Вакцинаны гуманитардык жардам катары Кытай тапшырды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы маалымдады.

Вакцинаны тапшыруу аземине минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Ду Дэвэнь, Эдил Байсалов жана Алымкадыр Бейшеналиев вакцина тапшыруу аземинде. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы

Байсалов кыргызстандыктарды «өздөрүн жана жакындарын, өзгөчө, улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды эмдөө алууга» чакырды.

«Биз келерки жылдын орто ченинде жаңы «omicron» штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек», — деп билдирди ал.

Буга чейин Бейшеналиев өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы коронавирустун жаңы штаммы omicron менен ооругандарды дарылоого 100% даяр экенин билдирген.

«Эгер сиздер [журналисттер] саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунушталган алгоритмди (беткап тагынуу,аралыкты сактоо, көп чогулбоо) сактоонун маанилүлүгү тууралуу маалыматтарды жеткирип берсеңер, жаңы койка орундар талап кылынбайт. Биз болгон күчүбүз менен иштеп жатабыз жана бизге журналисттер жардам бериши керек», — деп айтты 24.kg’ге курган маегинде.

Кыргызстандагы эмдөө

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө кампаниясы эпидемиологиялык абалга оң таасирин тийгизип жатканын, бир да шаар же аймак «кызыл аймакка» кирген жок деп белгилеген.

Кыргызстан боюнча эмдөө кампаниясы 2021-жылдын март айынын аягында башталган. Бирок элди эмдөөдөн өткөрүп баштоо өлкөгө Sinopharm кытай вакцинасынын экинчи партиясы алып келингенден кийин гана, июль айында башталган.

Ага карабастан, өлкөдө эмдөөнүн көрсөткүчү бийлик күткөндөй жогору болгон эмес. Муну минкаб дагы мойнуна алган жана «Кыргызстан эмдөө көрсөткүчү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда» деп белгилеген.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 15-декабрга карата 9 341 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 131 адам биринчи дозасын, ал эми 5 210 киши экинчи дозасын алды.

Тема боюнча окуңуз: Бейшеналиев: COVID-19’дун төртүнчү толкуну парламенттик шайлоодон кийин күтүлүп жатат