Жапаров: «Центерра» Кыргызстан акциялардан баш тартса «Кумтөрдөн» кетебиз деп жатат

Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду боюнча учкай маалымат берди.

Сүйлөшүүлөр 28-сентябрдан тартып 30-сентябрга чейин Женевада өткөн. Кыргызстандын бийлиги сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттанганын билдирген, ал эми Канаданын компаниясы бүгүнкү күнгө чейин үн ката элек.

Алар кетүүгө даяр, бирок үлүштөн баш тартууну суранып жатышат

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин башчысы катары ант берип жатат. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Жапаровдун айтымында, сүйлөшүүлөрдө Centerra’нын өкүлдөрү эгерде Кыргызстан канадалык компаниядагы акцияларынан баш тартса кенди таштап кетүүгө даяр экенин билдиришкен. Жалпысынан Кыргызстан толугу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы аркылуу Centerra’нын акциясынын 26%на ээлик кылат — бул дээрлик 600 млн доллар. Centerra’нын акциялары Торонто жана Нью-Йорктогу фондулук биржаларда сатылат.

«Кумтөрдү бүгүнкү күнгө чейин өзүбүз иштетип келдик. Мындан ары дагы өзүбүз иштетебиз. “Центерра” менен сүйлөшүүлөр болду. Алар дагы, биз дагы сүйлөшүү жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбайбыз деп кол коюп бергенбиз. Сүйлөшүүлөр уланышы мүмкүн. Сүйлөшүүнүн демилгечиси Скотт Перри болду. Алар принципиалдуу түрдө Кыргызстандан кеттик деген чечимин айтты. Бирок "силер 26% акцияңарды бизге берсеңер" деген ойду дагы айтып жатышат. Биз андай болбойт, дообуз көп дедик. Эң оболу, эки тарап үстөлгө отуруп, бири-бирибизди уктук. Сын-пикир, талаптарды гана айтпастан, бул маселени кандай жолдор менен чечсек болот деген бир топ механизмдерди сүйлөштүк. Кийинки кадамдарды көрө жатарбыз», — деп билдирген Жапаров 12-октябрда «Азаттыкка» курган маегинде.

Ал эми Centerra’нын басма сөз кызматынан «Азаттыкка» Акылбек Жапаровдун билдирүүсүнө комментарий берилбейт деп айтышкан.

Женевадагы сүйлөшүүлөр

Женевадагы сүйлөшүүлөргө кыргыз делегациясын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштап барды. Centerra’нын делегациясын башында Канада компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри турду.

Кыргызстан менен Centerra’нын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунун катышуучулары: Скотт Перри, Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров, Курманкул Зулушев жана Теңгиз Бөлтүрүк.

Кыргызстан менен Centerra’нын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунун катышуучулары: Скотт Перри, Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров, Курманкул Зулушев жана Теңгиз Бөлттүрүк. 

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев сүйлөшүүлөрдөн кийин мындай демилгени Centerra’нын башчысы Скотт Перри сунуштаганын билдирген. Султанбаевдин айтымында, Перри түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча «мүмкүн болгон бардык жолдорду, анын ичинде Кыргызстандын «Кумтөр Голд Компани» ишканасына ээлик кылуусун карап көрүү үчүн нейтралдуу аймакта сүйлөшүү» сунушу менен кайрылганын маалымдаган.

Кийин сүйлөшүүлөр боюнча президент Жапаров өзү да пикирин билдирген. Ал Кумтөр кени боюнча эл аралык арбитраждык сотто иш Кыргызстандын пайдасына чечилип жатканын билдирген.

«“Эл аралык соттон утулуп калсак эмне болот?” — дегендер да бар экен. Утулбайбыз, утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? “Кумтөрдү” көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го?» — деп жазган ал Facebook барагына.

Тема боюнча окуңуз: Уулуу калдыктар: Кыргыз бийлиги менен «Центерранын» чыры уланууда

Centerra менен соттошуу

Кумтөр кенинин айланасындагы жаңжал бир нече айдан бери уланууда. Үстүбүздөгү жылдын май айынын башында Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Сот компанияны Кумтөр кенин иштетүүдө Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды төгүүгө күнөөлүү деп тапкан.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган. Натыйжада өлкө бийлиги кенге сырткы башкаруу киргизген.

18-майда минкабдын башчысы Улукбек Марипов «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү жамаатка тааныштырып атат. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

Кийинчерек Centerra үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталына карата отчётун жарыялаган. Анда компания Кумтөр кени Кыргызстандын карамагына өткөндөн кийинки чыгымды 926,4 млн доллар деп баалаган.

Ал эми 8-июлда Канаданын компаниясы арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнө кошумча доо талаптарды койгонун жарыялаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтынга» «алтын кенин чогулуп басып алып, эзелки инвестициялык келишимдерди бузгандыктан» тарткан бардык зыян менен чыгымдар үчүн да жоопкерчилик жүктөгөн.

1-июнда Centerra’нын туунду компаниялары — «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» Нью-Йорктун түштүк округунун банкрот иштери боюнча сотуна кайрылып, банкротко учуратуу процессин баштоону суранган. Сот доо арызды кароону белгисиз мөөнөткө жылдырган.

«Кумтөр» болсо Centerra’нын аракеттери «ар кыл ыкма менен кендин ишмердигин токтотууга» жана «Кыргызстанды мындай олуттуу өндүрүш комплексин башкарууга даремети жетпейт деп айыптоого» багытталган деп эсептейт.

Ал эми 13-октябрда парламент жыйынында Акылбек Жапаров Centerra менен талаштарды — «экономикалык неоколониализмге каршы күрөш» деп атаган.

«Кумтөр кени, менин саясий тагдырымда болгону үчүн Кудайдын астында ыраазымын. Анткени Кумтөр — Кыргызстандын жаңы суверендүү тарыхында жаңы кадам болду [...] Кумтөрдүн айланасындагы азыркы абал Кыргызстан үчүн кандайдыр бир деңгээлде чоң сыноо жана экзамен болуп жатат. Муну мен өз акылы менен өз аймагындагы байлыктарды, жер казынасын жана абасын тескөө укугун алууга күрөшүү деп кабылдайм. Бул эл менен бийликтин бышып жетилгендигине карата өтө турган сыноо», — деген ал.

Тема боюнча: Женевада кыргыз өкмөтү менен Centerra’нын алгачкы сүйлөшүүсү жыйынтыкталды