Акылбек Жапаров: «Кумтөрдөн» түшкөн пайда Кыргызстандын бюджетине калат

2021-жылдын аягына чейин Кыргызстан менен Канаданын Centerra Gold компаниясынын ортосундагы Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөрүнүн дагы бир раунду өтөт. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров парламенттик шайлоодо добуш берип чыккандан кийин билдирди. Ал жарандык милдетин Бишкектеги № 1142 шайлоо тилкесинде аткарды.

«Шайлоо бүткөндөн кийин, балким акыркы жолу Centerra менен жолугуп, өзүбүздүн эсеп-чотторубузду белгилеп бүтөбүз. Биз эч качан өзүбүздүн кенибизден баш тартпайбыз. Биз биринчи жолу [тарыхта биринчи жолу] экономикалык суверендикке карай кадам шилтедик. Кошуна-колоңдон, Европадан же бөлөктөрдөн уруксат албай туруп, мындан ары кыргыз кендеринин кыргыздын кызыкчылыгына кызмат кылуу шарттарын турмуша ашырдык. Мындан ары дагы ашыра беребиз. Быйыл алтындын баарын татынакай казып атышат, биздин эле кыргыздын жигиттери, чет мамлекеттен дагы керек болсо бөлөк жарандар да келип атат. Салыгынын баары убагында төлөнүп атат. Теңгиз Бөлтүрккө ыраазы болдум, технологиялык жактан канадалыктарга караганда бир топ тың иштеп аткан экен», — деп билдирди чиновник.

Анын айтымында, канадалык инвесторолор «акыркы жылдары Кыргызстандан кетүүнү пландап жүргөн, бирок алтынга болгон нарктын өсүүсү аларды кармап турган». Акылбек Жапаров «экологиялык инспекция күндөп- түндөп текшерип жатканын» жана тышкы башкаруу учурунда «экологияны булгабаганга аракет кылып жатышканын» кошумчалады.

«Centerra өткөн жылы алтындын баасы кымбат болуп турганда 300 млн доллар, андан мурунку жылдары 400 млн доллардан пайда көрүп турган. Биз 17-майда киргенбиз. Ошондон бери кудай буюрса биз деле жаман киреше албайбыз. Ошонун баары Кыргызстандын бюджетине калат», — деп билдирди Жапаров. Ошондой эле кызматкерлердин «ичкен тамагынан тарта бардык шарттары» жакшырганын да белгиледи.

Мындан сырткары, минкабдын төрагасы Жаңы жылдын алдында журналисттер үчүн пресс-тур өткөрүп, ал жакта эмне болуп жатканын көрсөтөм деп удаба берди.

Тема боюнча:

Садыр Жапаров: «Кумтөр» 100% мамлекетке өттү, Текебаев алжып калган

Уулуу калдыктар: Кыргыз бийлиги менен «Центерранын» чыры уланууда

«Кумтөр» банкрот болуу процессин баштоо үчүн сотко кайрылды

Centerra кыргыз бийлигин «Кумтөрдү» «жалган маалыматка таянып басып алды» деп айыптады

Жогорку Кеңеш «Кумтөр Голдго» сырттан башкаруу киргизүүнү жактырды