7 эмес, 11 млрд сомдон ашуун. «Кумтөр» бюджетке төгүлгөн акчалар тууралуу

Кумтөр карьери. Сүрөт: Клооп / Розиев Ислам

«Кумтөр Голд Компанинин» басма сөз кызматы 15-декабрда Каржы министрлигинин өлкөнүн бюджетине компаниядан 2020-жылга караганда аз каражат түштү деген билдирүүсүнө комментарий берди.

«Кумтөрдөн» финансы министри Алмаз Бакетаев алтын сатуудан түшкөн кирешенин 13%ын түзгөн дүң киреше салыгы боюнча маалыматты гана атап, башка мамбюджетке келип түшкөн салыктар тууралуу маалыматтарды бербегенин айтышты.

«Дүң кирешеге салык чындап эле 6 млрд 998 млн сом өлчөмүндө төлөнгөн, ал эми планда 6 млрд 916 млн сом каралган эле. Төлөмдүн ушул эле түрүнөн план ашыгы менен аткарылганы көрүнүп турганы ачык. Жалпысынан 11 айда социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн кошкондо салык иретинде — 11 млрд 714 млн сом төгүлгөн. Ошол эле учурга карата төлөмдөр 8 млрд 2 млн сом өлчөмүндө каралган болчу», — деп түшүндүрүштү компаниядан.

Мындан сырткары, «Кумтөрдөн» жыл жыйынтыгы боюнча планды 1,5 эсе ашыкча аткаруу жана дээрлик 13 млрд сомдон ашык салык төлөө пландалып жатканын кошумчалашты.

«Компания жылдын жыйынтыгы боюнча толук отчётту 2022-жылдын башында жарыялайт, ал жерден каалоочулардын баары кызыккан суроолоруна жооп тапса болот», — деп кошумчалашты «Кумтөрдөн».

Финансы министрлиги «Күмтөрдөн» бюджетке келип түшкөн каражаттар тууралуу депутат Осмон Турдумамбетов парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда финансы министри Алмаз Бакетаевге аталган маалымат боюнча суроо узаткандан кийин айтып берген.

«Элди эң кызыктырган Кумтөр боюнча жооп берип коюңуз. Мына өзүбүз иштетип жатабыз деп жатабыз. Канча алтын өндүрдүк, канча салык түштү, алтынды канчадан кайда саттык? Сатпасак каякка сактап жатабыз?» — деп сураган эл өкүлү.

Бакетаев салыктар түшүп жатат, ал эми казылып алынган жана сатылган алтындар тууралуу «маалыматым жок» деп жооп берди.

«Чынын айтканда алтын боюнча менин маалыматым жок экен. Бул Кыргызалтындын маселеси», — деп кошумчалаган каржы министри депуттын суроосуна кат жүзүндө жооп берүүгө убадалап.

Ведомствонун «Кумтөрдөн» бюджетке келип түшкөн каражаттар тууралуу билдирүүсүндө «Кыргызалтын» ай сайын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчёт берүүсү керектиги айтылган.

Кийин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы «Кумтөрдөн» түшкөн кирешенин азайышы боюнча комментарий берген. Ал «“Кумтөр” боюнча баары жайында жана төгүлгөн каражат тийиштүү көлөмдө эле болуп жатат» деп белгилеген.

Ал жыл соңуна чейин «Кумтөр» алтын казуу боюнча планды толук аткарат деп ишенет.

«Бирөө чөйчөктөгү суу жарым-жартылай экенин көрөт, бирөө жарымына чейин толтура экенин көрөт. Маалымат ушундай нерсе, ар бири өзүнүн мүмкүнүчүлүгүнө жана акылына жараша баа берет. Тигил же бул версия боюнча кайра-кайра түшүндүрмө берүү оор. Менин оюмча финансы министри бул боюнча кайрадан түшүндүрмө берет […] Эсиңердеби, ал жерди суу каптаган дешкен эле. Азыр ал жерде суу жок. Алар азыр 1,5 тонна жакшы сапаттагы алтындын көрсөткүчүнө жетишти. 12 айдын жыйынтыгында алар планды толтурат деп үмүттөнөм», —деген Жапаров.

Минкабдын төрагасы Канаданын Centerra Gold Inc компаниясынын менеджменти менен сүйлөшүүлөрдү жыл аягына чейин аяктоону пландап жатканын да кошумчалады.

«Эч болбоду дегенде ушундай буйрук алдым. Кыргыз жарандары мындай ири долбоорлорду өзү ишке ашыра ала турганын далилдейбиз», — деп белгиледи ал.