Баткенде Жаңы жылдык балаты жасалгаланбайт жана майрамдык иш-чаралар өтпөйт

Баткен шаарындагы 2020-жылы орнотулган балаты. Сүрөт: 24.kg

Баткен облусунун борборунда быйыл балаты жасалгаланбайт, ошондой эле Жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу 16-декабрда Баткен мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Бадалов билдирди.

Бадаловдун айтымында, мэрия мындай чечимди шаардын бюджетин үнөмдөө максатында кабыл алды.

«Үнөмдөлгөн чыгымга социалдык жактан колдоого муктаждар үчүн жардам берилет. Социалдык жактан колдоого муктаж катмардагы балдар жана окуусунан өзгөчөлөнгөн окуучулар үчүн гана шаар мэринин балаты майрамы өтөт», — деди Равшанбек Бадалов.

Ошондой эле, маалыматта жыл башында шаардык бюджеттен Жаңы жылдык майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө 180 миң сомдон ашык каражат каралганы белгиленди. Бирок Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов үстүбүздөгү жылдын апрель айынын соңунда чек ара чырынан улам чыгым көп болгонун айтып, Эаңы жылдык салтанат белгиленбесин билдирген.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясы Жаңы жылдык маарекени өткөрүү үчүн дээрлик 5 млн сом жумшайт. Бул суммага 25 метрлик жаңы жылдык балатыны кооздоо жана Ала-Тоо аянтынын жалпы жасалгасынын чыгымдары кирет. Ошондой эле коммуналдык кызматтар имараттардын арка фасаддарын шөкөттөп, декоративдүү сейилдөө аллеяларын жасашат.

Ошол эле учурда борбор калаада Жаңы жылга карата майрамдык салют атылбайт.

Оштун мэриясы болсо Жаңы жылга 3,2 млн сарптады. Мэриянын басма сөз кызматы бул каражат балатыны жасалгалоого, быйыл жолборс жылы болгондуктан аянтка үч метрлик жолборс орнотууга, мэрдин балаты майрамын өткөрүүгө, балдарга белек камдоого, көчөлөрдү, аянтты жасалгалоого жана фейерверктерди сатып алууга жумшаларын билдирген.