Талгарбеков: Бүгүн Аскар Акаев УКМКга акыркы жолу сурак берет, андан соң Москвага кетет

Бүгүн, 17-декабрда УКМКда Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча күбө катары сурак берип жатат, ушуну менен сурак жыйынтыкталат. Бул тууралуу «Клоопко» анын үзөнгүлөшү, премьер-министрдин аппаратынын экс-жетекчиси Бекболот Талгарбеков билдирди.

Талгарбеков тергөөчү Аскар Акаевди акыркы жолу суракка алып жатканын айтып берди. Ал тактан куулган президент эки күндүн ичинде Москвага учуп кетерин белгиледи.

Акаев Кыргызстанга кайра учуп келеби деген суроого, Талгарбеков болушу мүмкүн деп жооп берди.

«Ооба, албетте, келсе болот, анткени жолу ачык», — деп жооп берди ал.

Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келиши

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Бишкекке 14-декабрда учуп келген. Эртеси күнү ал «Кумтөр» иши боюнча УКМКда сурак берген.

«Биз ачыкка чыгарбоо келишимине кол койдук. Балким, жума ичинде Акаев дагы суракка чакырылышы мүмкүн. Акаев бул аптанын аягына чейин Кыргызстанда калышы ыктымал», — деген анын адвокаты Айбек Самарбеков.

Бул Акаевдин Кыргызстанга экинчи ирет келиши. Акаев биринчи жолу Кыргызстанга арадан 16 жыл өткөндөн кийин 2021-жылдын 2-августунда келген.

Акаев Аскар. Сүрөт: Клооп

Анда күч органдарынын кызматкерлери Акаевди аэропорттон тосуп алып, УКМКга «Кумтөр» долбоору боюнча суракка алып барышкан — ал жактан кечке жуук гана чыккан. Башкы прокуратура Акаев бул иш боюнча «тергөө менен тыгыз кызматташып жатканын» белгилешкен. Акаев өлкөгө келгенде президент Садыр Жапаров жана башка расмий адамдар менен жолугуп, кичи мекени Чоң-Кеминге барууга үлгүргөн.

Акаев, Бейшеналиев жана Сопуевдин биргелешкен кечки тамагы. Сүрөт: AKIpress

8-августта Акаев кайра Москвага учуп кеткени белгилүү болгон — ага чейин мурдагы президент мекенине кайткысы келерин билдирген болчу.

Акаев кеткенден кийин УКМК «Кумтөр» ишин иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялаган. Документте Акаев долбоорду ишке ашыруудагы түзүлгөн бир канча келишимдер боюнча мөөнөтүнөн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылган.

Акаевди тактан кулатуу

Бозгун президент Аскар Акаев өлкөнү 15 жылдын ашык башкарган. Ал 2005-жылдын 24-мартында «Жоогазын революциясынан» улам тактан кулаган. Төңкөрүшкө эл аралык байкоочулар таза өткөн жок деп тапкан парламенттик шайлоо түрткү болгон.

Абсолюттук көпчүлүк добушту —90% чейин бийликчил жана нейтралдык партиялар алган. Ошол кездеги президенттин балдары —Айдар менен Бермет да депутаттыкка өткөн. Мындан сырткары Акаев Конституцияны кайрадан жазып, төртүнчү мөөнөткө мүмкүнчүлүк алууга аракет кылган.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор массалык митингге чыгып, натыйжада Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Алар Орусиядан башпаанек алууга аргасыз болушкан. Президенттик кызматын дагы Орусияда туруп өткөрүп берген.

Акаевдин жакындарынын коррупцияга аралашканы жарандардын арасында көп жылдык нааразылыкты жараткан. Кийин анын жакындары сыртынан абакка кесилген.

Ал Кыргызстандан кеткенден кийин мурдагы президент илимий ишмердүүлүгүнө кайткан. Өзүнүн сайтында Акаев өзүн минтип сүрөттөйт — «ири окумуштуу, чыныгы гуманисттик жана демократиялык көз караштагы адам».