«Жалал-Абад электр» Ноокен РЭСтен 9,6 млн сом уурдалганы тууралуу түшүндүрмө берди

Сүрөт: «Турмуш»

«Жалал-Абад электр» ачык акционердик коому Ноокен райондук электр тармактар (РЭС) ишканасынын эки кызматкери камакка алынганы тууралуу түшүндүрмө берди.

Мамлекеттик ишкананын маалыматына ылайык, 2018-жылдын аягында сегиз кызматкерден турган комиссия Ноокен РЭСинде текшерүү жүргүзгөн.

Анда комиссия ишкананын кассири У. Исакова, инженер А. Камбаров жана «Жалал-Абад электронун» электр энергияcынын эсептери боюнча мурунку жетектөөчү эсепчиси М. Рахматов өз ара келишип алышып, «РСК Банктан» накталай төлөмдөр үчүн берилчү дүмүрчөктөрдү жасалмалаганын аныктаган.

Натыйжада кызматкерлер «Жалал-Абад электро» ишканасына 2015-2018-жылдары 9 млн 601 миң сом зыян келтиришкени аныкталган. Ал эми 2019-жылдын январь айында атайын комиссия мыйзам бузуулар тууралуу материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.

«2019-жылдан бери укук коргоо кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп келген, 3 күн мурун эки кызматкер камакка алынган», — деп билдиришти «Жалал-Абад электродон».

Ноокен РЭСтин кассири жана эсеп-кысап боюнча инжеренери 9,6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелүүдө. Алар эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: РЭСтин кызматкерлери 9,6 млн сомду ыйгарып алууга шектелүүдө