Жалал-Абад: РЭСтин кызматкерлери 9,6 млн сомду ыйгарып алууга шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук электр тармактар (РЭС) ишканасынын эки кызматкери 9,5 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын кассири жана эсеп-кысап боюнча инжеренери өз ара сүйлөшүп алып, Ноокендеги жеке ишканалардан электр энергиясы үчүн алынган төлөмдөрдү « “1-С” программасы аркылуу "РСК Банкка" төгүлгөн» деп туура эмес маалыматтарды көрсөтүп киргизишкен. Ал эми банктан накталай төлөм үчүн берилген дүмүрчөктү «кылмышты жашыруу үчүн жасалмалап келишкен».

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр 2015-жылы 1 млн 47 миң сом, 2016-жылы 2 млн 935 миң сом, 2017-жылы 2 млн 600 миң сом, 2018-жылы 3 млн 9 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражатты өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Мыйзамсыз аракеттин натыйжасында «Жалал-Абад электр» ишканасына жалпы 9 млн 592 миң 894 сом материалдык зыян келтирилген.

Ноокен РИИБи «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизди.

8-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаардык электр тармактарынын жооптуу кызматкерин ири көлөмдө электр энергиясын уурдоого шектеп кармаган. Атайын кызмат 45 жаштагы кызматкер криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштурганын билдирген.

Чолпон-Атада майнинг-ферма уюштурган электр тармактарынынын кызматкери кармалды