«Бөтөн жерде иштөө кандай кыйын экенин түшүнөм» — Садыр Жапаров мигранттарга кайрылды

Президент Садыр Жапаров Мигранттардын эл аралык күнүнө карата жумуш издеп мекенинен алыс кетүүгө аргасыз болгон кыргызстандыктарга кайрылды.

«Сиздер ата журттан алыста, чет жерлерде мекенге болгон сагыныч, кусалыкка карабай, ата-эне, үй-бүлө багуу максатында кара жанды карч уруп иштеп келесиздер. Мигрант болуп, бөтөн жерде, бөтөн элде иштөө кандай кыйынчылыктар менен коштолорун жакшы түшүнөм», — деди өлкө башчысы.

Ал жарандар жумуш издеп өлкөдөн кетүүгө аргасыз болбошу үчүн миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чаралар кабыл алуу жөнүндө жарлыкка кол коюп, министрлер кабинетине өлкөдө жумуш орундарын түзүү тапшырмасын бергенин билдирди.

«Биз өз кесибинин дасыккан адистерин кармап калууга тийишпиз. Кайсы гана тармак болбосун анын өркүндөп-өсүшүнө өз ишин мыкты билген адистер зор салым кошору белгилүү. Мындай адамдар, айрыкча, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасындагы мыкты кесип ээлери өз мекенинде татыктуу жашап, келечек муунга терең билим берип, элибиздин саламаттыгына кам көрүшү абзел», — деди президент.

*Кыргызстанда билим берүү жана саламаттык сактоо тармагынын каржысы начар, адистердин маянасы аз, алар дайыма кысымга кабылышат. Алар да мамкызматкерлер, бирок айрым министрлик жана атайын органдардын кызматкерлериндей болуп мамлекеттен турак жай алышпайт.

Президент өндүрүштү өнүктүрүү менен кыргызстандыктарга жаңы жумуш орундарын түзүүгө удаба берди.

«Бүгүн өнөр жайды калыбына келтирүүгө абдан көңүл бурулууда, ишкана ачуу жаатында бир катар иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Маселен, Кара-Балта килем комбинаты кайра жандандырылып, ишке киргизилүүдө. Жакынкы жылдарда жер-жерлерде индустриалдык, алардын арасында бир машина-трактордук, парктарды, пахта-текстиль кластерин жана фабриканы, бир нече цемент заводдорду куруу жана башка долбоорлор билимдүү, тажрыйбалуу, заманбап технологиялар менен иштөөгө жөндөмдүү адистерди талап кылат. Албетте, мунун баары жаңы жумуш орундары», — деди президент.

Президент мигранттардын укуктарынын бузулушуна да токтолду. Кыргыз мигранттарынын көбү Орусияда иштейт, алар кодулоого кабыл учурлар чанда кездешет. Буга чейин Орусиянын «Жаңы газета» басылмасы мигранттарга карата козголгон күмөндүү кылмыш иштерин, кезектеги шайлоонун алдындагы антимигранттык маанайдын жана кугунтуктардын күчөшүн бир канча жолу чагылдырган. Мигранттардын укугун коргоочусу Валентина Чупик да мындай кырдаалдар тууралуу далай айтып, кыргыз элчилиги мигранттардын укугун коргоодо ынтызар болбой жатканын билдирген.

«Дагы бир орчундуу маселе — эмгек мигранттарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо. Мындай маанилүү маселени көз жаздымда калтырбашыбыз керек», — деди Садыр Жапаров.

Тест: Чет өлкөдө иштеп келүүнү пландап жатасызбы? Эмгек миграциясына даяр же даяр эместигиңизди текшериңиз

Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт