COVID-19: Акыркы суткада эки бейтап каза болуп, 32 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 19-декабрга карата коронавирустан эки адам каза болду, илдеттен 35 бейтап айыкты. Жуктуруунун 32 жаңы учуру катталды.

Акыркы суткада Бишкек шаарында 20, Жалал-Абадда жети, Баткен облусунда үч адам илдетке чалдыкты. Ошондой эле, Чүй менен Ош облусунда жуктуруунун бирден жаңы учуру катталды. Башка облустарда коронавирутун жаңы учуру катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 184 195ке жетти. Өлкө боюнча 179 282 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 783 адам көз жумду.

Учурда 301 бейтап ооруканада, ал эми 346 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, 19-декабрга карата 5 591 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 2 575 адам биринчи дозасын, ал эми 3 016 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.