Мас айдоочу коюп кетип, «Тазалыктын» дагы бир кызматкери каза тапты

"Тазалыктын" кызматкери, иллюстративдик сүрөт

Бишкекте 18-декабрга караган түнү «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин унаа коюп кетип, ал окуя болгон жерден каза тапты. Кызматкер 61 жашта болчу.

Патрулдук милициянын маалымат кызматынан «Клоопко» жол кырсыгы саат 01:20 чамасында Исхак Масалиев көчөсүндө болгонун билдиришти.

«Т.Н. аттуу 45 жашар айдоочу Honda CR-V унаасында чыгыш тарапты көздөй бараткан. “Ала-Тоо” ресторанынын маңдайынан ал Т.Ш. атту эркек кишини коюп кеткен, ал “Тазалыктын”кызматкери болчу. Эркек киши жеринен каза болгон», — деп белгилешти патрулдук милициядан.

Айдоочу мас абалында болгону айтылууда. Учурда унаа убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлүп, иликтөө иштери башталды. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ушундай эле жол кырсык 12-декабрда Жибек Жолу проспектинде болгон. Анда да «Тазалык» ишканасынын кызматкерин унаа коюп кетен.

47 жаштагы кызматкер алган жаркатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Унаа сүзүп кеткен «Тазалыктын» кызматкеринин үй-бүлөсүнө кенемте төлөнөрү айтылды