Бишкектин 49 жаштагы тургуну 9 жашар кызын зордуктоого шектелип камакка алынды

Иллюстративдик сүрөт.

Бишкектеги Ак-Босого конушунун тургуну өзүнүн 9 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу «Сводка.АКИpress» басылмасы Биринчи май райондук прокуратурасына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 7-февралында социалдык кызматкер шаардын 49 жаштыга Р.Б. аттуу тургуну өзүнүн кызын зордуктаганын айтып милицияга кайрылган.

«Милиция кыз атасы менен шаардагы конуштардын биринде жашаганын аныктады. Апасы кызды 2 айлык кезинде күйөөсүнө таштап кеткен. Апасы ошондон бери бир да жолу кызына көңүл бурган эмес, аны атасы багып жүргөн», — деп жазылат билдирүүдө.

26-февралда Бишкек шаардык мэриясынын Балдар иштери боюнча комиссиясы кызды алты айга Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна жайгаштырган.

Сурак учурунда өспүрүм кыз аны атасы зордуктаганын айтып берген. Анын зордукталганын соттук-медициналык экспертизанын корутундусу дагы тастыктаган.

Ал эми 12-мартта 49 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилилген. Милиция аталган фактыны алгач «Зордуктоо» беренеси менен каттаган. Кийин «Ыплас аракеттер» беренеси менен кылмыш ишин козголуп, иш сотко жөнөтүлгөн.

12-июнда Биринчи май райондук прокуратурасы шектүүнү ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылып, 8-сентябрда сот доо арызды канааттандырган.

Көзөмөл орган 2021-жылдын 18-июнунда дагы бир доо арыз берип, сот аны канааттандырган. Анын негизинде кыз мектеп-интернатка жайгаштырылып, толук мамлекеттин камсыздоосуна алынган.

Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында Ош шаарынын 39 жаштагы тургуну өзүнүн 14 жаштагы кызын эки жыл бою «зордуктап жүргөнү» белгилүү болгон.

Сурак маалында өспүрүм кыз алгачкы жолу 2019-жылдын июнь айында атасы тарабынан зордукталганын айтып берген — анда апасы Орусияда эмгек миграциясында жүргөн. Бирок жабырлануучу апасы өлкөгө кайтып келгенден кийин да кылмыш улана бергенин айткан.

Ош ШИИБи «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 39 жаштагы шектүүнү убактылуу кармоочу жайына киргизген. Кийин ал эки айга камакка алынган.

2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда зордук-зомбулуктун кеминде 7,6 миң учуру катталган — көбүнесе ага аялдар кабылат. Жаш балдардын да зордук-зомбулукка кабылган учурлар аз эмес — 2021-жылы ИИМ кеминде 326 фактыны каттаган.

Тема боюнча:

Ош шаарынын тургуну 14 жашар кызын эки жыл бою «зордуктап жүргөн» деген шек менен кармалды

Ош: 15 жашар кызды зордуктоого шектелип милициянын мурдагы кызматкери кармалды

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз