Адвокат: Аскар Акаев УКМКнын сурагынан чыкты

Маалымат саат 15:35те жаңыртылды

Кыргызстандын тактан кулатылган биринчи президенти Аскар Акаев 15-декабрда «Кумтөр» иши боюнча УКМКда сурак берди. Бул тууралуу анын жактоочусу Айбек Самарбековго таянып, kaktus.media басылмасы жазды.

Анын айтымында, Акаев сурактан 13:00гө жакын чыкты. Буга чейин Акаевдин үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбек мурдагы президент УКМКга эртең мененки саат 9:00дө эле киргенин билдирген болчу.

«Биз ачыкка чыгарбоо келишимине кол койдук. Балким, жума ичинде Акаев дагы суракка чакырылышы мүмкүн. Акаев бул аптанын аягына чейин Кыргызстанда калышы ыктымал», — деди Айбек Самарбеков.

Аскар Акаев 2021-жылдын 2-августунда УКМКда сурак берип чыккандан кийин маек куруп жатат. Сүрөт: «Клооп»

Бирок мурдагы президенттин жакындарынын айтымында, анын келүүсү «Кумтөр» иши боюнча тергөө менен байланыштуу.

«Аскар Акаев "Кумтөр иши" боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келген. Ал өлкөдө беш-алты күн болору белгилүү болду», — деп жазат «Азаттык».

Бул Акаевдин Кыргызстанга экинчи ирет келиши. Акаев биринчи жолу Кыргызстанга арадан 16 жыл өткөндөн кийин 2021-жылдын 2-августунда келген.

Анда күч кызматкерлери Акаевди аэропорттон тосуп алып, УКМКга «Кумтөр» долбоору боюнча суракка алып барышкан — ал жактан кечке жуук гана чыккан. Башкы прокуратура Акаев бул иш боюнча «тергөө менен тыгыз кызматташып жатканын» белгилешкен. Акаев өлкөгө келгенде президент Садыр Жапаров жана башка расмий адамдар менен жолугуп, кичи мекени Чоң-Кеминге барууга үлгүргөн.

8-августта Акаев кайра Москвага учуп кеткени белгилүү болгон — ага чейин мурдагы президент мекенине кайткысы келерин билдирген болчу.

Акаев кеткенден кийин УКМК «Кумтөр» ишин иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялаган. Документте Акаев долбоорду ишке ашыруудагы түзүлгөн бир канча келишимдер боюнча мөөнөтүнөн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылган.

Тема боюнча:

УКМК «Кумтөр» боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөттү

ЖМКлар бозгун президент Аскар Акаев Кыргызстанга келгенин кабарлашты

«Кумтөр үчүн кечирим сурайм». Аскар Акаев Москвага учуп кетти

Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыккандан кийин эмне деди?