Бир график менен: Парламенттин жетинчи чакырылышында мандаттар кандай бөлүштүрүлдү?

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аралаш система менен өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын бекитти.

Алсак, БШК 15-декабрда партиялык тизме боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын бекитип, ага чейин бир мандаттуу округдар боюнча шайлоонун жыйынтыгын тааныган. Алардын айрымдарында кайра шайлоо өтөт.

Кийинчерээк Боршайком партиялардын жана талапкерлердин аларды каттоого эч кандай тоскоолдуктар жоктугу тууралуу арыздарын текшерүү 22-декабрда аяктап каларын билдирген. Андан кийин жаңы шайланган элдик өкүлдөрүнө мандаттар тапшырылат.

БШК парламентин жаңы чакырылышы ушул жуманын аягында же Жаңы жылга чейин биринчи жыйынга чогулуп калышы мүмкүн экенин дагы белгилеген.

Колдонуудагы Конституцияга ылайык, Жогорку Кенештин жаңы 7 чакырылышы 90 депутаттан турат. 36 мандат бир мандаттуу округдардан ат салышкан депутаттарга, ал эми 54 мандат партиялардан катышкандарга тиет.

Эл өкүлдөрү кандай отургузулат?

Учурдагы депутат Дастан Бекешев 21-декабрда Твиттер барагына жаңы чакырылышка келе турган эл өкүлдөрүнүн орундуктарынын болжолдуу схемасын жарыялады.

Парламенттин 7-чакырылышынын депутаттарынын болжолдуу отургузулушу. Сүрөт: Дастан Бекешев

Сүрөткө караганда, жыйындар залынын борборуна «Ата -Журт Кыргызстан» фракциясы, анын оң жагына «Ишеним» фракциясы, ал эми сол жагына — «Ынтымак» фракциясы жайгашат.

«Ата-Журт Кыргызстандын» аркасында бир мандаттуу округдардан шайланган 36 депутат отурат. Бир мандаттуулардын оң жагында «Альянс» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары, сол жагына «Ыйман Нуру» жайгашат.

Тема боюнча окуңуз: Жетинчи чакырылышка кимдер келет?