«Мыйзамсыз баюуга» шектелген Жогорку соттун судьясы кызматынан четтетилди

Дильфуза Боронбаева

Парламенттин депутаттары 22-декабрдагы отурумда Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаеваны кызматынан убактылуу четтеттүү жөнүндө президенттин сунушун колдоду. УКМК Боронбаеваны «Мыйзамсыз баюуга» шектеп жатат.

Отурумга катышкан президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмас Абытов Судьялар Кеңеши Боронбаеваны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдугун бергенин билдирди. Мындан улам ал судьяны кызматынан убактылуу четтеттүүнү өтүндү.

Кворумдун жоктугунан депутаттар буга чейин судьяны кызматтан четтеттүү жөнүндө токтомду карашкан эмес. Кийинчерээк Боронбаеваны четтеттүү тууралуу маселе кайрадан добушка коюулуп, 63 депутат «макул», тогуз депутат «каршы» добушун беришти.

Үстүбүздөгү жылдын башында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Дильфуза Боронбаева «Мыйзамсыз баюуга» шектелип жатканын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, судья мыйзамдуу кирешесиз 20 батир, Ысык-Көлдөгү пансионаттардан үйлөрдү жана люкс-класстагы унааларды сатып алган.

«Кылмыш жолу менен сатып алынган мүлктөрдү жашыруу максатында судья [Дильфуза Боронбаева] жарандык-укуктук бүтүмдөрдү тиешелүү органдарда каттабаган. Айрым учурларда ал сатып алуу келишимдерди башка адамдарга каттаткан — алардын да тастыкталган киреше булактары болгон эмес», — деп билдиришкен УКМКдан.

Ошондой эле атайын кызмат судья жана анын жакын туугандары чет өлкөлөрдөгү — БАЭ, Турция, Азия, Европа жана АКШ — эс алууга барып жүргөнүн кабарлаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«20 батир жана унаалар». УКМК Жогорку соттун судьясын «мыйзамсыз баюуга» шектеп жатат