«Түшүр телефонуңду, түшүр дейм!» Ташиев активистке видео тартууга тыюу салды

Жарандык активист Адилет Балтабай 22-декабрда УКМКнын имаратынын алдындагы нааразычылык акциясында мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев активистке видео тартууга тыюу салганын билдирди.

Балтабай түз эфирдин фрагменттерин жүктөгөн.

Окуя 22-декабрда болгон. Анда кармалган депутат Бакыт Жетигеновдун тарапташтары Камчыбек Ташиев менен жолугушууну талап кылып, натыйжада мекеме төрагасы митингчилер менен сүйлөшүүгө чыккан.

Активист ал учурда Facebook барагында түз эфир көрсөтүп жаткан. Ташиев аны көрүп, съемканы токтотууну талап кылган.

«Түшүр эмеңди, түшүр дейм! Аласыңбы [телефонуңду] же албайсыңбы?» — деген Ташиев активистке карап.

Балтабай Ташиевдин Бакыт Жетигеновго байланышкан кырдаал боюнча түшүндүрмө берүүсүн өтүнгөн, бирок ошол маалда УКМКнын төрагасынын күзөтчүлөрү келип телефонду түшүрүүгө мажбур кылган.

Балтабай түз эфирин Ташиевди тартпай уланткан.

«Биз эркин мамлекетте жашайбыз. Жеке пиар кылып жаткандарды укпагыла деп Ташиев аркамдан сүйлөп жатат. Алар менден телефонумду алып сала жаздашты. Бирок мен андайга мүмкүнчүлүк берген жокмун. Мен Ташиевден да коркпойм! Мен бир гана кудайдан корком!» — деген активист өз видеосунда.

Бийлик өкүлдөрү аларды эркин журналисттер жана активисттер тарткан учурда дайыма оройлугун көрсөтүшөт.

2021-жылдын январынын аягында депутат Камчыбек Жолдошбаев аны камерага тартып жаткан адамга ортон колун көрсөтүп, сөккөн болчу. Анда бул соцтүйүндөрдө колдонуучулардын катуу нааразылыгын жараткан.

А бирок камерага тартып жаткан активисттерге же журналисттерге кол салып, телефондорун тартып алган учурлар да чанда кездешет.

Алмак, 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо эки киши «Клооптун» Оштогу журналистине жана операторуна кол салган. Анда басылманын кабарчылары №5316 шайлоо участкасынан түз эфирге чыканы жаткан, бирок Оштун таштанды полигонунун жетекчиси Достук Жолдошев жана Ош аэропортунун кызматкери Манас Алмаматов аларга тоскоолдук жаратышкан.

Милиция бул иш боюнча иликтөө баштап, сотко чейинки өндүрүш токтотулган.

Тема боюнча:

«Биримдик» жана мушкерлер. Ошто шайлоодо журналисттерге кимдер кол салган?Жогорку Кеңеш Бакыт Жетигеновду кылмыш жообуна тартууга макулдугун берген жок