Жогорку Кеңеш Бакыт Жетигеновду кылмыш жообуна тартууга макулдугун берген жок

Бакыт Жетигенов.

Парламент депутаттары Жогорку Кеңештин 22-декабрдагы жыйынында Бакыт Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун жактырды. Ага ылайык, Жетигенов депутаттык кол тийбестигинен ажыратылган жок.

Жыйынга катышкан 88 депутат комиссиянын корутундусуна «макул» деп добуш берсе, бир эл өкүлү «каршы» добуш берди.

«Комиссия бардык тарапты угуп көрүп, бийликти басып алуу боюнча бир дагы сөздү уккан жокпуз. Бүгүнкү күндөн баштап аны абактан чыгарууну колдоп бериңиздер», — деп билдирди депутаттык комиссиянын төрайымы Айсулуу Мамашова.

Ал арада, эртең менен Бакыт Жетигеновдун тарапташтары Ак үйдүн алдына митингге чыгып, депутатты бошотууну талап кылышты.

Ак үйдүн алдына митингге чыккан Бакыт Жетигеновдун тарапташтары. Сүрөт: «Акипресс»

Депутаттын тарапташтары 15-ноябрда дагы Ак үйдүн алдына митингге чыгып, депутаттык комиссиядан Бакыт Жетигеновдун маселесин кароону талап кылышкан.

Буга чейин, 1-декабрда Башкы прокуратура үч депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча парламентке сунуш киргизген. Аны кароо үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Ал эми 8-декабрда Жогорку Кеңеш үч депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун караган. Анда парламент өкүлдөрү убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга макул болгон эмес. 9-декабрда эки депутат камактан бошотулган.

Ал эми жыйында Жетигенов боюнча корутунду даяр эмес экени айтылып, анын ишин кароо 22-декабрга жылдырылган.

27-ноябрда Биринчи Май райондук соту Жетигеновду 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырган болчу .

«Бийликти күч менен басып алууга даярдануу» иши

УКМК менен ИИМдин кызматкерлери тарабынан 26-ноябрда бийликти күч менен басып алууну каалаган топтун 15тен ашык мүчөсүн кармалган. Кармалгандардын арасынды «Эл Ынтымагы» кыймылынын жана «Кыргызстан жашылдар» партиясынын мүчөлөрү, ошондой эле Жогорку Кенештин депутаты Бакыт Жетигенов бар болгон.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, шектүүлөр парламенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландашкан.

УКМК шектүүлөрдүн жашаган жерин жана ижарага алган имаратын тинтүү учурунда «кылмышка даярдык жүргөнүнө далил болуучу» документтер, ок-дары, курал-жарак жана баңгизат табылганын билдирген.

Шектүүлөрдүн үстүнөн «Бийликти күч менен басып алууга даярдануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тема боюнча:

Бийликти басып алууга айыпталгандардын туугандары бейтарап иликтөөнү талап кылышты

Депутат Бакыт Жетигеновдун тарапташтары Ак үйдүн алдына митингге чыкты