Байсалов: Садыр Жапаров — Пётр I, а биз анын балапандары

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Новые лица» басылмасына маек курду. Анда ал президент Садыр Жапаровду Пётр I деп атады. Жакында эле өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да өзүн Пётр I менен салыштган болчу.

«Бизде Пётр I — Садыр Жапаров, ошондуктан биз Садыровдун уясынын балапандарыбыз», — деди Байсалов.

Садыр Жапаров.

Минкабдын төрагасынын орун басары бул сөзү менен Пушкиндин «Полтава» чыгармасына шилтеме кылганы түшүнүктүү. Ал чыгармада жазуучу Пётр Iдин үзөнгүлөштөрүн «Петровдун уясынын балапандары» деп атаган эле.

Байсалов белгилегендей, Бейшеналиев «иш жүзүндө президенттин чексиз ишенимине ээ».

«Айтсак, ал [саламаттык сактоо министри] айрым учурда аны кыянаттык менен колдонот. Президент ага эскертүү берет. Бирок азыркы учурда ал ошол ишенимди колдонуп жатат. Жыйынтык көрсөтөбү же жокпу өзү жооп берет. Анткени ал Кыргыз Республикасынын министри», — деп айтты Байсалов.

Мурдаарак медиктер Бейшеналиевдин отставкасын талап кылып, ага карата сындарды айтышкан. Буга министр саламаттык сактоо тармагында реформа жасап атканы үчүн жек көрүндү болуп жатканын, ошондуктан медиктер анын отставкасын талап кылышууда деп жооп айткан.

«Пётр I дагы, Орусияда реформа жасап атканда баары жек көргөн, кийин тарых ал баарын туура кылганын көрсөткөн. Бир жыл ичинде кылганымдын баары эл үчүн», — деген Бейшеналиев.