Бишкек: Ок чыгарууга чейин жеткен мушташка шектүүлөр кармалды

Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына 22-декабрда калаада ок атуу жана мушташ уюштурууга шектелгендер кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, Эркиндик бульварындагы топ адамдардын мушташы тууралуу билдирүү 22-декабрда түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, жеринен газ-травматикалык тапанчанын үч жана аң уулоо куралынын үч гильзасын табышканын.

Аталган факт маалыматты каттоо журналына «Бейбаштык» беренеси менен катталды.

Издөө амалдары учурунда милиция тарабынан мушташка шектүү алты киши кармалган.

Милиция кызматкерлери кармалгандардан «Сайга-12» куралын да таап, экспертиза дайындалган. Шектүүлөр Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Калган шектүүлөр изделип жатат.