Ош: Ноокатта өрттөн төрт киши каза болду, эң кичүүсү эки жашта

Маалымат жаңыртылат

27-декабрдын таңында Ош облусунун Ноокат райондагы Көк-Жар айылында турак үй өрттөнүп төрт адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктан 41 жана 39 жаштагы эки аял, ошондой эле 12 жаштагы өспүрүм жана эки жашар наристе көз жумду.

Саат 09:28ге карата өрт чектөөгө алынганы маалымдалды. Жеринде өрт өчүрүүчү эки бригада иштеп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 14-декабрында Чүйдүн Ысык-Ата районунда өрттүн кесепетинен эки адам каза болгон. Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде өрт чыгып, кароолчунун 6 чарчы метрлик бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен.

Ал эми 6-декабрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында турак үй өрттөнүп, бир адам каза болгон. Анда Чолпон-Атадагы Акматбай-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 50 чарчы метр бөлмөсү өрттөнүп, 63 жаштагы адам көз жумган. Өрт электр зымынын кыска чыналуусунан чыкканы белгилүү болгон.