Аламүдүн районунда турак үйдөн чыккан өрттөн 85 жаштагы киши каза болду

ӨКМдин басма сөз кызматы 28-декабрда Чүйдүн Аламүдүн районунда өрттүн кесепетинен 85 жаштагы эркек киши каза тапканын билдирди.

Маалыматка карганда, Таш-Дөбө айылынын Школьный көчөсүндөгү турак үй өрттөнүп, үйдүн жыгач полу, каалагасы, эки төшөк күйүп кеткен. Өрт саат 09:37де чектөөгө алынып, 09:43тө толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен Л. И. аттуу адам окуя болгон жерде каза болгон. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп берди. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Бир күн мурда таңга маал Ош облусунун Ноокат райондагы Көк-Жар айылында турак үйдөн өрт чыгып төрт адам каза болгон.

Кырсыктын кесепетинен 41 жана 39 жаштагы эки аял, ошондой эле 12 жаштагы өспүрүм жана эки жашар наристе көз жумган.

Үстүбүздөгү жылдын 14-декабрында Чүйдүн Ысык-Ата районунда өрттүн кесепетинен эки адам каза болгон. Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде өрт чыгып, кароолчунун 6 чарчы метрлик бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен.

Өлкөдө жыл башынан бери 2900дөн ашуу өрт кырсыгы катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 17% көп. Кырсыктан 37 киши каза болду. Анын ичинен онго жакыны жаш балдар.