Медербек Cаккараев депутат болот. Жогорку сот талапкердин каттоосун калыбына келтирди

Чүй-Кемин округу боюнча парламенттин жетинчи чакырылышына талапкер Медербек Саккараев мандат алмай болду. Бул тууралуу 28-декабрда Жогорку соттун чечиминен белгилүү болду.

Медербек Саккараев.

Соттун басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, Жогорку сот Бишкектин Административдик сотунун чечимин жокко чыгарды, ага ылайык, Саккараевге мандат берилбеши керек болчу. Буга чейин ага мандат берүүгө Борбордук шайлоо комиссиясы каршы чыккан, себеби Сакарраевде Казакстандын жарандыгы болгон.

«Сот актысы менен БШКнын №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкери Саккараевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча чечими жокко чыгып, мыйзамсыз деп табылды», — деп билдиришти соттон.

БШКнын териштирүүсү

16-ноябрда БШКга Саккараевде Казакстандын жарандыгы бар болгону тууралуу арыз түшкөн. Боршайком бул маалыматты текшерүү үчүн тиешелүү органдарга кайрылган. Ошондой эле БШКдан Саккараев шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырып жатканда анкетада башка жарандыгы жоктугу тууралуу маалымат көрсөтпөгөнүн белгилешкен.

Укук коргоо органдары 23-ноябрда Саккараевдин кош жарандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын жана Алматынын полиция департаментинин базасында ал «Казак Республикасынын жараны катары саналып жатканын» кабарлаган.

Анын эртеси күнү, 24-ноябрда, талапкердин өкүлү Боршайкомго Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинен «Саккараев коңшу өлкөнүн жараны эмес» деген маалымкат тапшырган. Ошондой эле өкүл Саккараевдин анкетасын кайрадан толтуруп, ал 2006-2016-жылдары Казакстандын жараны болгонун маалымдашкан.

Анткен менен Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Саккараев коңшу өлкөнүн жарандыгын 2002-жылы алганын маалымдаган.

Саккараев 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого таасирлүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

Текебаевге кол салуу

Саккараевдин аты «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу менен да байланыштырылган. Анда ондогон киши 1-декабрда «Парк отель» мейманканасынын алдында Текебаевге кол салып, анын телефонун тартып алышкан. Текебаевдин айтымында, чогулгандар аны «кичи автобуска салып кетүүгө аракеттенген».

«Реформанын» лидери Клара Сооронкулова саясатчыга Токмоктун мэри Урмат Самаев жана Медербек Саккараевдин «спортчулары кол салганы тууралуу маалымат бар» деп билдирген.

Ал эми «ПолитКлиника» басылмасы Текебаевге кол салуу болгон жерде жүргөндөр буга чейин Токмоктогу «Мегаполис» кафесинде шайлоого нааразы болгон партияларга видеокайрылуу жолдогонун аныктаган. «Мегаполис» Медербек Саккараевдин эжесине таандык.

Бишкектин Биринчи май РИИБси бул факты боюнча «Тоноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Көп өтпөй милиция Ыбыш Эшбаевди кармаган.

Ал эми Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев Kaktus.media басылмасына кармалган Ыбыш Эшбаевди тааный турганын тастыктаган. Анткен менен Эшбаев «анын айдоочусу жана өкүл баласы» деп тараган маалыматты «чындыкка дал келбейт» деп атаган. Ошол эле учурда шектүүнү Чүй менен Токмоктун жашоочуларынын 70-80%ы билет деп белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

ПолитКлиника: Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышы аныкталды