Акылбек Жапаров Жээнбековдор менен куда болду, жаштарга экс-президент батасын берди

Парламенттин мурдагы депутаты Асылбек Жээнбековдун кызынын узатуу тоюнан тартылган сүрөттөр ЖМКларга жарыяланды. Жээнбековдун кызы минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго келин болду.

Kaktus.media басылмасы, 25-декабрда өткөн тойдон сүрөт жана видео жарыялады. Салтанатка экс-депутаттын агасы, мурдагы президент Соооронбай Жээнбеков жана күйөө баланын атасы Акылбек Жапаров жана алардын жакын туугандары катышкан.

Тасмада Сооронбай Жээнбеков эки жашка бата берип жатканын көрүүгө болот.

Кыз узатуу

25-декабрда бир катар ЖМКлар экс-депутат Асылбек Жээнбековдун үйүндө шаңдуу той өтүп жатканын жазып чыгышкан — ал кызын минкаб төрагасы Акылбек Жапаровдун уулуна күйөөгө узаткан.

«Батирден түштөн бери ызы-чуу жана музыка угулуп жатат, ал эми үйдүн короосунда люкс класстагы көптөгөн унаалар токтоп турат. Подъезддин кире беришинде күзөтчүлөр турат», — деген анда Kaktus басылмасынын журналисттери.

Жээнбековдун кызынын аты Бегимай, ал эми Жапаровдун уулунун аты Максат экени белгилүү болду.

*Максат Жапаровдун аты Temirov Live каналынын иликтөөсүндө айтылган. Linkedin соцтармагында Максат Акылбекович өзүн «Глобалико Холдингс Лимитед» компаниясынын башкы директору катары көрсөткөн. Бул компаниянын Жапаровдун аялы Анара Жапарова жана анын бизнеси менен байланышы бар болуп чыккан. 2020-жылы Каржы полициясы Анара Жапарованы ири өлчөмдө салык төлөгөн эмес деп айыптаган.

Минкабдын жетекчиси тойго өзүнүн кызматтык унаасында, мамлекеттик күзөт кызматынын коштоосунда келген.

Асылбек Жээнбеков камактан 9-декабрда бошотулган. ЖМКларда жана соцтармактарда ошондо эле экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы менен туугандык мамиле куруу ниети бар экени айтыла баштаган.

Асылбек Жээнбековдун камактан чыгышына депутаттар Кумтөрдөгү коррупция иши боюнча кесиптешин жоопко тартууга макулдук бербегени себеп болгон.

УКМК экс-спикерди 2021-жылдын июнь айында кармаган. Анда анын болочок кудасы Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан компанияга, ошондой эле компания менен түзүлгөн келишимдерге кандайдыр бир тиешеси бар аткаминерлерге аудит жүргүзүү демилгесин көтөргөн.

Ага ылйык, текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мурдагы депутаттар, премьер-министрлер жана өкмөт мүчөлөрү кармалган.