Алтынчы чакырылыштын депутаттары Мамрезиденцияга сый тамакка чогулду

29-декабрда алтынчы чакырылыштын депутаттары мамлекеттик резиденцияга майрамдык сый тамакка чогулушту. Иш-чарадан тартылган сүрөттөрдү депутаттар өздөрү жана чакырылган артисттер жарыялашты.

Ырчы Элзар Өскөнбаева. Сүрөт ырчынын барагынан алынды.

Алар соцтармактагы барактарына Талант Мамытовду жетинчи чакырылыштын спикери болуп дайындалышы менен куттуктаганы келгенин жазышты. Иш-чарага катышкан депутаттардын арасында Чыңгыз Макешов, Самат Ибраев, Бейшаналы Нурдинов, парламенттин экс-вице-спикери Аида Касымалиева жана башкалар бар.

«Жогорку Кенештин алтынчы чакырылышынын спикери Талант Турдумаматович менен көпкө иштештим. Мүнөзү туруктуу, оор басырыктуу, мыкты юрист, эң негизгиси адамгерчилиги жогору кыргыздын мырзасы. 7-чакырылыштын спикери болушуңуз менен чын жүрөктөн куттуктайм, Талант Турдумаматович», —деп жазды өзүнүн Инстаграм барагына Аида Касымалиева.

Талант Мамытов жана Аида Касымалиева.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, Садыр Жапаров бул иш-чарага катышкан жок.

«Президент катышкан жок, биз эмне деп комментарий берели?» — деди ал «Клоопко» курган маегинде.

Буга чейин бир катар ЖМКларда мөөнөтү аяктаган парламент дептаттарын «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясына президент Садыр Жапаров чакырганы тууралуу маалымат пайда болгон. Султанбаев бул маалыматты дагы төгүндөдү.

Депутаттарды Садыр Жапаров өзү чакырганын эл өкүлдөрү дагы айтышкан. Депутат Евгения Строкова Vesti.kg басылмасына жолугушуунун максаты белгисиз экенин, ал эми резиденцияга чакыруу депутаттарга кат түрүндө келгенин айтып берген.

Парламенттин жаңы спикерин шайлоо

Талант Мамытов жыйынтык жарыялангандан кийин. Видеодон скриншот

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын жаңы шайланган депутаттары 29-декабрдагы биринчи иш күнүндө Талант Мамытовду төрага кылып шайлашкан. Бул кызматка Адахан Мадумаровдун да талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Добуш берүү жабык өттү, жаңы спикерди 87 депутат шайлады. Мамытовдун талапкерлигин 63 парламентарий колдоду, ал эми Мадумаровго болгону 10 депутат добуш берди. Дагы 14 депутат эки талапкерге тең каршы добуш беришти.

Мамытовдун талапкерлигин «Ынтымак» фракциясы көрсөттү, ал эми Мадумаровдун талапкерлигин өзү лидерлик кылган «Бүтүн Кыргызстан» көрсөттү.