ИИМ: Жаңы жыл түнү тынч өттү, милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда Жаңы жыл түнү тынч өткөнүн, милиция кызматкерлери кызматын күчөтүлгөн тартипте өтүп жатканын билдирди.

Жалпысынан өлкө боюнча 31-декабрда милицияга кылмыштар жана окуялар боюнча 599 маалымат түшкөн. Анын ичинен 82си кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошондой эле ИИМ 31-декабрда 94 кылмыштын бети ачылганын белгиледи.

Мындан сырткары, акыркы суткада 26 жол кырсыгы катталып, 30 адам ар кандай жаракаттарды алган. Каза болгондор жок.

«Урматтуу жарандар, сиздерди ички иштер органдарынын кабыл алган коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алып, массалык иш-чаралардын белгиленген тартибин сактоону, мыйзамдарды бузууга жол бербөөнү суранабыз. Ээсиз деп табылган буюмдар же шектүү жарандарды аныктаган учурда, бул жөнүндө ички иштер органдарына 102 телефон номерине токтоосуз маалымдоого суранабыз», — деп кайрылды ИИМ жарандарга.

Ал эми 1-январга караган түшү Бишкектин Ала-Тоо аянтында 41 жаш бала жоголуп, анын 39у ата-энелерине кайтарылган. Дагы эки бала милициянын бөлүмүнө жеткирилген.