Өлкөдө коронавирустун 59 жаңы учуру катталып, 45 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда 1-январга карата коронавирустун 59 жаңы учуру катталып, 45 бейтап айыкты. Өткөн сутка оорудан каза болгондор катталган жок.

Бишкек шаары — 33;

Чүй облусу — 9;

Жалал-Абад облусу — 8;

Баткен облусу — 6;

Талас облусу — 2;

Нарын облусу — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 184 748ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 179 871 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 802 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 256 бейтап, ал эми үй шартында 333 адам дарыланып жатат.