«Шамбала» тасмасы Moving Film Festival’да жети сыйлыкка ээ болду

Кыргызстандык режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Moving Film Festival’да жети сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясы маалымдады.

Көз карандысыз кинорежиссёрлордун фестивалы Иранда 28-декабрдан 31-декабрга чейин өттү. Калыстар тобу «Шамбала» тасмасын жети номинацияда мыкты деп тапты:

  • «Мыкты оператор» — Акжол Бекболотов жана Мурат Алиев;
  • «Мыкты композитор» — Мурзали Жеенбаев;
  • «Мыкты үн режиссёру» — Бакыт Ниязалиев жана Калыбек Шерниязов;
  • «Мыкты монтаж» — Наргиза Маматкулова, Караш Жанышов жана Элдияр Мадаким;
  • «Мыкты грим» — Айгүл Кыдыралиева;
  • «Мыкты костюм» — Айгүл Кыдыралиева;
  • «Мыкты визуалдык эффект (VFX)» — Элдияр Мадаким жана Изат Абдраимов.

«Шамбала» тасмасы

«Шамбала» тасмасынын кадры.

«Шамбала» тасмасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде 2020-жылы тартылган. Ошол эле жылы Шанхай эл аралык кинофестивалында тасманын дүйнөлүк премьерасы болгон.

Ал эми өткөн жылдын 26-августунда Бишкектин «Манас» кинотеатрында тасманын улуттук бет ачары өткөн. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, мурдагы маданият министри Кайрат Иманалиев жана чыгармачыл топ катышкан.

Жылдыз Бакашова «Шамбала» тасмасы режиссёрдун көп жылдык тажрыйбасынын жемиши экенин белгилеген.

Ал эми тасманын режиссёру, Кыргыз Республикасынын эл артисти Артыкпай Сүйүндүков тасманы тартууга Чыңгыз Айтматовдон уруксат алып, жазуучу батасын бергенин айткан.

«Бул тасманы тартуу үчүн Айтматов агабыздын көзү тирүү кезинде уруксаатын алып, аны менен талкуулап, сүйлөшкөнбүз. Ошондо тасманы башкача көз караш менен тартаарымды түшүндүргөм. Тасманы тартууга жазуучу батасын берген», — деп билдирген Сүйүндүков.

Оператор Болсунбек Таалайбек фейсбук баракчасында тасма тууралуу пикири менен бөлүшүп, режиссёр бир дагы "тиричилик" менен майдаланбастан, олуттуу жерлерине басым жасаганын белгилеген. Ошондой эле «баланын биздин жашообузга кылган каршылыгы (протест), анын кылган иштери бизди кичине болсо да ойгонуп койгулачы дегенсийт» деген ал.

1974-1975-жылдары жазуучу Чынгыз Айтматовдун повестинин негизинде Болот Шамшиев «Ак кеме» тасмасын тартып, примьерасы 1976-жылы 22-ноябрда Москва шаарында болгон. Тасма Фрунзе шаарында өткөн IX Бүткүл союздук кинофестивалда баш байгеге ээ болуп, СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

Ал эми өткөн жылдын 25-апрелинде Сүйүндүковдун тасмасы 2020-жылдын «Балтика, Грузия жана КМШ өлкөлөрүнүн мыкты фильми» наамына татып, Орусиянын «Ника» киносыйлыгын жеңип алган.

2021-жылдын ноябрында Сүйүндүковдун тасмасы Лос-Анжелесте өткөн Бүткүл дүйнөлүк Азия кинофестивалында «көрүүчүлөрдүн тандоосу сыйлыгын» жеңген.

Тема боюнча:

Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Орусиянын «Ника» киносыйлыгын жеңди

«Шамбала» Бүткүл дүйнөлүк Азия кинофестивалында «көрүүчүлөрдүн тандоосу сыйлыгына» татыды