Тимур Файзиев: Асман шаарын куруучу мамдирекциянын башчысы болуп дайындалдым

Тимур Файзиев. Сүрөт: ишкердин Фейсбуктагы барагы.

Ишкер, Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Ысык-Көлгө Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалганын билдирди. Бул тууралуу ал Instagram барагына 31-декабрь күнү жазды.

Анткен менен, министрлер кабинетинин сайтында ишкердин кайсы бир кызматка дайындалганы тууралуу буйрук жарыяланган жок. Мамлекеттик дирекциянын жобосуна ылайык, башкы директорду минкаб төрагасы өзү дайындайт жана кызматтан бошотот.

Файзиев болсо «президенттин жана минкаб төрагасынын» жетекчилиги алдында иштей турганын белгиледи.

«Азыр мага аткаруу функциясы толугу менен жүктөлдү. Мен “Асман” боюнча долбоордун директорумун. Андыктан“Асман” баракчасына [социалдык тармактагы] сунуштарыңарды жөнөткүлө», — деди ал.

Ишкердин айтымында, «Асман» долбоору «элдик» болот жана «биргелешкен аракет менен курулат».

«Учурда онго жакын потенциалдуу инвесторлор бар. [Алар менен] жакын арада жолугуп, сүйлөшүп ал жерде эмне болорун талкуулайбыз», — деп билдирди Файзиев.

Ал өлкө жетекчилигинин денгээлиндеги команда менен 100 млрд доллар инвестиция тартуу боюнча стратегия иштелип жатканын белгиледи.

Файзиев келечектеги шаардын аймагында дүйнөнүн төрт бурчунан келген спортчуларды даярдай турган олимпиадалык шаарча, Диснейленддин аналогу, медициналык борбор, университеттер жана этно-шаарча болорун айтты.

Асман долбоору. Сүрөт: «Азаттык» 

«Ал жерде өтө кызыктуу көп нерселер болот», — деп кошумчалады ишкер.

Файзиевлин айтымында, Асман шаарынын куруулушуна 8-10 жылча убакыт керектелет. Бирок эгер каражат жетиштүү болсо 5 жылда деле бүтсө болот.

«“Асман” долбоорунун үстүнөн иштеп жатабыз. Ал үчүн кеңче жана команда даярдап жатабыз. Elite House’тун командасы да жигердүү катышат жана өлкө башчынын жетекчилиги дагы», — деп белгиледи ал.

Буга чейин президенттин мурдагы кеңешчиси Равшанбек Сабиров Асман шаарынын курулушу 2022-жылдын март айында башталышы мүмкүн экенин айткан болчу.

«Биз келекчекте Асман шаарын курабыз. Бул үчүн инвесторлор да бар. Биздин өкүлдөр Францияга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Алар ал жерде бир катар документтерге кол коюшту […] Менин оюмча [2022-жылдын] мартында кудай буюрса Асман шаарынын курулушун баштайбыз», — деп айткан Сабиров.

«Асман» долбоорун ишке ашыруучу мамдирекция

Октябрдын башында минкаб тарабынан «Асман экологиялык таза шаарын» куруу мамлекеттик дирекция түзгөнү белгилүү болгон.

Токтомго ылайык дирекция Балыкчы шаарында болот.

Мамдирекция төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

  • «Асман экологиялык таза шаарын» куруу үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин коордианциялайт;
  • «Асман» шаарын долбоорлоо жана куруу боюнча тапшырыкчынын функцияларын аткарат;
  • инвестицияларды тартуу жана ресурстук камсыз кылууну башкарат;
  • долбоорго мониторинг жүргүзөт жана аны баалайт.
Асман долбоору. Сүрөт: «Азаттык» 

Файзиевге издөө жарыялоо

27-майда бир катар ЖМКлар жеке маалымат булактарына таянып, Тимур Файзиев коррупцияга аралашкан деген шек менен кармалганын жазышкан.

Бирок көп өтпөй эле Файзиевдин жүргөн жери учурда белгисиз экени жана сот аны камакка алууга сыртынан чечим чыгарганы белгилүү болгон.

Кийинчерээк Башкы прокуратура Файзиев Бишкектин аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз алууда коррупцияга аралашкан жана мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн деп шектелип жатканын билдирген. Анын менен бирге бизнесменге издөө жарыяланган.

Бирок 7-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту бизнесмен Тимур Файзиевди эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошоткон.

Соттон түшүндүрүшкөндөй, чечим 6-июлда Аскер прокурорунун улук жардамчысынын өтүнмөсү боюнча кабыл алынган. Файзиевге карата чыгарылган эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат сотко чейинки жана сот өндүрүшү аяктаганга чейин күчүндө болору белгилүү болгон.

Кийин Тимур Файзиевге карата ачылган иштин чоо-жайы айтылган эмес.

«Асман» шаары

«Асман — келечектеги экологиялык таза шаар» деп аталган пилоттук долбоор президенттин экс-кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы астында 5-июлда тааныштырылган. Анда туристтик жана инвестициялык потенциалы жогору аймактарды өнүктүрүү маселеси талкууланган. 

Долбоордун авторлору «4 миң гектар аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат» деп эсептешет. Ал эми шаардын көрүнүшү асмандан комузга окшошу керек.

Авторлордун оюнда, шаар 500 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, ал эми бүтүндөй эко-шаардын өзү 7-10-жылдык мөөнөттө курулмакчы. Курулуш иштери 20 миллиард долларга бааланганы айтылган.

Авторлордун айтымында, долбоорду ишке ашыруу экономикага олуттуу инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле ата мекендик курулуш материалдарына, азык-түлүккө, кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талапты көтөрүүгө мүмкүндүк түзөт.

Алардын идеясына ылайык, шаардын өндүрүштүк инфраструктурасы «акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн оптималдуу пайдалануу, ошондой эле жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.