«Асман» долбоорунун автору Файзиевдин дайындалышын президент менен талкуулайт

«“Асман” экологиялык таза шаарын куруу» долбоорунун авторлорунун бири Руслан Акматалиев «Азаттык» үналгысына маек куруп, Elite House компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев шаарды куруу боюнча мамдирекциянын жетекчиси болуп дайындалганын сынга алды.

Акматалиев эмне үчүн «долбоорго такыр тиешеси жок адам» жетекчи болуп дайындалып калганын түшүнбөй турганын айтты.

«Эки-үч күндө [президент] Садыр Нургожоевич менен сүйлөшөм. Бүт баары [Тимур] Файзиев алдамчылыкка шектелгенин жазып атышат. Инвестор келе жатканда ким менен иштеше турганын текшерет да. Анан алдамчы деген киши менен кантип иштешет?» — деп суроо салды долбоордун автору.

Акматалиев командасынын мээнетин башка адамдар колдонуп кетеби деп дагы кабатыр. Ал фракциялык инвестор ошол тушта мамдирекция жок болгондуктан жеке тарап менен келишимге кол койгонун дагы кошумчалады.

«Францияда экологиялык шаар салуу боюнча адис бар экен. Ал долбоорду чийип, аны президентке презентация кылмак. Биз Кыргызстанга келсек эле четтетип салышты. "Асманга" убактыбыз, каражатыбыз көп кетти. Биздин мээнетти ушинтип эле жеп коюшабы?» — деп кошумчалады Акматалиев.

Файзиев Ысык-Көлдө «Асман экологиялык таза шаарын» куруу мамлекеттик дирекциясынын башкы директору болуп расмий 4-январда дайындалган. Файзиев өзү мурдарак «президенттин жана минкаб төрагасынын» жетекчилиги алдында иштей турганын, ага толугу менен аткаруу функциясы жүктөлгөнүн белгилеген.

Анын айтымында, «Асман» долбоору «элдик» болот жана «биргелешкен аракет менен курулат». Ал өлкө жетекчилигинин денгээлиндеги команда менен 100 млрд доллар инвестиция тартуу боюнча стратегия иштелип жатканын билдирген.

Файзиев келечектеги шаардын аймагында дүйнөнүн төрт бурчунан келген спортчуларды даярдай турган олимпиадалык шаарча, Диснейленддин аналогу, медициналык борбор, университеттер жана этно-шаарча болорун айткан. Файзиевлин айтымында, Асман шаарынын куруулушуна 8-10 жылдай убакыт керектелет. Бирок эгер каражат жетиштүү болсо 5 жылда деле бүтсө болот.

«“Асман” долбоорунун үстүнөн иштеп жатабыз. Ал үчүн кеңче жана команда даярдап жатабыз. Elite House’тун командасы да жигердүү катышат жана өлкө башчынын жетекчилиги дагы», — деп белгилеген ал.

2021-жылдын майында Файзиев Бишкектин аймагында жер тилкелерин алууда коррупцияга, андан сырткары, мыйзамсыз курулушка аралашкан деген шек менен издөөгө жарыяланган болчу.

Бирок 7-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту бизнесмен Тимур Файзиевди эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошоткон. Кийин Тимур Файзиевге карата ачылган иштин чоо-жайы айтылган эмес.

«Асман» шаарынын долбоору

«Асман — келечектеги экологиялык таза шаар» деп аталган пилоттук долбоор 2020-жылдын июлунда эле тааныштырылган. Шаар Ысык-Көлдүн жээгинде — Тору-Айгыр айылынан жогору жана Балыкчыдан 15 км алыста курула турганы айтылууда.

Долбоордун авторлору «4 миң гектардык аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат» деп эсептешет. Ал эми абадан шаардын көрүнүшү комузга окшошу керек.

Авторлордун идеясына ылайык, шаардын өндүрүштүк инфраструктурасы «Акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу менен ишке ашырылат.

«Асманда» транспорттун экологиялык таза түрлөрүн гана пайдаланылары айтылууда. Мындан тышкары, жашыл экономика принциптери сакталат.Бийлик долбоор Бишкекти бошотууга өбөлгө болуп, өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө жол ачарын билдиришкен.

Авторлордун оюнда, шаар 500 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, ал эми бүтүндөй эко-шаардын өзү 7-10-жылдык мөөнөттө курулмакчы. Экономика министрлиги шаардын курулушун 20 млрд долларга баалаган.